2018-ЖЫЛ, 2-МАРТ
КОШМО ШТАТТАР
Кошмо Штаттардын борборун суу каптады
2018-жылдын февраль айында катуу жаан жаагандын жана кар эригендин кесепетинде Кошмо Штаттардын борборун суу каптады. Бул табигый кырсыктан жапа чеккендердин арасында Иллинойс, Индиана, Кентукки, Мичиган, Огайо жана Теннеси штаттарынын айрым бөлүктөрүндө жашаган бир туугандар да бар.
Кошмо Штаттардагы филиалдын карамагындагы сегиз райондогу 20 жарчы үйсүз калган. Тилекке каршы, Индиана штатында жашаган бир бир тууганыбыз (аял) катуу жаандан кийин болгон суу каптоодон каза тапкан. Бардыгы болуп, 57 ишенимдешибиздин үйү зыянга учураган.
Ал аймактагы райондук көзөмөлчүлөр кырсыктан жабыр тарткан жарчыларды жубатып-бекемдеп жатышат. Биз табигый кырсык бүлгүнгө учураткан ошол аймакта жашаган бир туугандарыбыз үчүн тиленип турабыз жана Жахабанын алардын жан дүйнөсүнө тынчтык берип, аларга кам көрөрүнөн шектенбейбиз (1 Петир 5:7).
Байланышуу:
Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел.: +1-845-524-3000