2018-ЖЫЛ, 20-СЕНТЯБРЬ
КОШМО ШТАТТАР
«Флоренс» Кошмо Штаттардын түштүк-чыгышын жабыркатты
«Флоренс» тропикалык циклонунун кесепетинен Түндүк Каролина менен Түштүк Каролинанын жана башка штаттардын көп бөлүгүн суу каптап калды. Башында 4-категорияга кирген «Флоренс» бороон-чапкыны, бери дегенде, 32 адамдын өмүрүн алып кетти жана миңдегендер башка жакка көчүүгө аргасыз болду.
Кошмо Штаттардагы филиалдын берген отчётуна ылайык, Жахабанын Күбөлөрүнүн эч кимиси каза болгон жок жана оор жаракат алган жок. Бирок 4 000ден ашуун Жахабанын Күбөсү башка жакка көчүрүлдү. Бороон-чапкын басаңдап баратса да, айрым жерлерди дагы деле суу каптап турганына байланыштуу ал жактардан кабар алуу мүмкүн болбой жатат. Акыркы маалыматка ылайык, бороон-чапкын бир туугандарыбыздын 351 үйүн жана 21 Падышалык залын талкалады.
Кырсык болгондо жардам берүү комитети (КБЖБК) жабыр тарткан бир туугандарды азык-түлүк, суу, кийим-кече, турак жай жана дары-дармектер менен камсыз кылуу ишин жетектөөдө. Андан сырткары, эки топ кулап калган дарактарды тазалоо ишин аткарууда. Бороон-чапкын басылып, ишенимдештерибиздин негизги муктаждыктары канааттандырылгандан кийин, жергиликтүү жыйналыштагы жана башка жактан чакырылган ыктыярдуу кызматчылар КБЖБКнын көзөмөлү алдында калыбына келтирүү иштерине киришишет. Жергиликтүү аксакалдар менен райондук көзөмөлчүлөр кырсыктан жабыр тарткандарга барып, бекемдеп-жубатууда.
Биз жакында эле болгон бороон-чапкындан жабыркаган бир туугандарыбыз үчүн тиленип турабыз жана эч ким «эч нерседен коркпой» турган заманды чыдамсыздык менен күтүп келебиз (Ышая 12:2).