Мазмунун көрсөтүү

2018-ЖЫЛ, 26-ФЕВРАЛЬ
КОШМО ШТАТТАР

«Харви» куюнунан жабыркагандарга жардам берүү ишине байланыштуу акыркы маалымат

«Харви» куюнунан жабыркагандарга жардам берүү ишине байланыштуу акыркы маалымат

НЬЮ-ЙОРК. 2017-жылдын 25-августунда «Харви» куюнунун кесепетинде Техас штатындагы (АКШ) Корпус-Кристи шаарына жакын жерди суу каптаган. Ошол аймакта калыбына келтирүү иштери дагы да улантылууда. Кырсык болгондо жардам берген эки комитет жабыркаган миңдеген бир туугандарга жардам көрсөтүү иштерин уюштуруп жатат.

Хьюстондогу (Техас) жардам берүү борборунда Жахабанын Күбөлөрүн издеп жаткан бир тууган

7 000ден ашуун ыктыярчы тазалоо иштерине, анын ичинде 2 300 жарчынын зыян тарткан үйүн оңдоо иштерине, катышты. Оңдоп-түзөө жана курулуш иштерине 1 000дей ыктыярчы жума сайын жардам берип жатат. 48 Падышалык залы оңдолду жана келе жаткан айларда 545тен ашуун үйдүн оңдолору пландаштырылууда. Эсептөөлөр боюнча, табигый кырсыктан жапа чеккен ушул эле аймактагы оңдоп-түзөө иштерине 8 жарым миллион доллар сарпталат жана бул иш 2018-жылдын 30-июнунда аяктайт.

2017-жылдын август айынын аягынан баштап, жалпы жонунан, филиалдын 22 өкүлү, анын ичинде филиалдын комитетинин 7 мүчөсү жапа чеккен бир туугандарды рухий жактан бекемдеп, кайраттандырыш үчүн кырсык болгон аймакка барышкан. Биз жардам берүү иштерине катышып жаткандардын баарына күч-кубат беришин сурап, Кудайдан тиленип турабыз (Некемия 6:9).

Аранзас Пасс шаарчасында (Техас) жардам берүү иштерине катышып жаткан бир туугандар

Байланышуу:

Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел.: +1-845-524-3000