Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 6-НОЯБРЬ
КОШМО ШТАТТАР

Калифорнияны каптаган өрт тууралуу акыркы маалымат

Калифорнияны каптаган өрт тууралуу акыркы маалымат

Калифорнияны каптаган өрттүн көбү өчүрүлдү. Кошмо Штаттардагы филиалдын комитети ал аймактагы бир туугандардын абалы тууралуу маалымат берди.

Бир туугандардын эч кимиси каза болгон эмес, бирок 8и жаракат алып, 1 400ү башка жакка көчүүгө аргасыз болгон. Ошондой эле Жахабанын Күбөлөрүнүн, жалпы жонунан, 29 үйү толугу менен күйүп кеткен. Үйсүз калган бир туугандардын баарына коңшу жыйналыштагы жана коңшу райондордогу бир туугандар кам көрүшкөн. Башка жакка көчкөндөрдүн көпчүлүгү учурда үйлөрүнө кайтып барышкан.

Өрт улам күч алып бараткан маалда филиалдын өкүлдөрү райондук көзөмөлчүлөр, Кырсык болгондо жардам берүү комитетинде кызмат кылгандар жана жергиликтүү ыктыярчылар менен жолугушкан. Бир туугандар үйүнөн ажырап калгандар менен сүйлөшүп, аларды жубатып, кайраттандырышкан. Андан тышкары, өрттөн катуу жабыркаган эки райондо башка жакка көчкөндөр үчүн атайын жолугушуу өткөрүлүп, Ыйык Китептеги бекемдээрлик ойлор айтылган.

Биз Жахаба Кудайдын ушундай оор кыйынчылыктарга туш болгон бир туугандарыбызды мындан ары да жубатып, колдой берерине бекем ишенебиз (2 Корунттуктар 1:3, 4).

Байланышуу:

Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел.: +1-845-524-3000