Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 13-ОКТЯБРЬ
КОШМО ШТАТТАР

АЛГАЧКЫ МААЛЫМАТ | Калифорнияны каптаган өрт

АЛГАЧКЫ МААЛЫМАТ | Калифорнияны каптаган өрт

Кошмо Штаттардагы филиалдын комитети Калифорния штатынын түндүк жагында чыккан өрттөн жана токойлордо тутанып, улам күч алып түштүктү көздөй жайылып бараткан өрттөн жабыркаган бир туугандар жөнүндө мындай маалымат берген.

Калифорниянын түндүк жагы: Кошмо Штаттардагы филиал Мендосино, Напа, Сонома жана башка коңшу округдарда кызмат кылган райондук көзөмөлчүлөр менен байланышкан. Алар берген маалыматка ылайык, жаракат алган бир бир туугандан башкасынын баары аман-эсен. Бир туугандардын 700дөйү башка жакка көчүрүлгөн, 2 000ден ашыгы зарыл болсо көчүп кетүүгө даяр турат. Көчүүгө туура келген бир туугандар коопсуз аймактардагы бир туугандардын үйүнө жайгаштырылган. Учурда бир Падышалык залы, бир туугандарга таандык үч үй өрттөнүп кеткени маалым болду. Андан тышкары, 22 үй чоң зыянга, 32 үй бир аз зыянга учураган. Райондук көзөмөлчүлөр жабыр тарткандарды жубатып, керектүү жардамды көрсөтүшкөн.

Калифорниянын түштүк жагы: Анахайм шаарында жашаган Жахабанын Күбөсү болгон 25 үй-бүлө башка жакка көчүрүлгөн, алардын эч кимиси жаракат алган эмес. Алар ишенимдештерибиздин үйүнө жайгаштырылган. Бир туугандардын үйлөрүнүн же Падышалык залдарынын өрттөн зыян тартканына байланыштуу маалымат ала элекпиз.

Ушундай оор күндөрдө Жахабанын азап тартып жаткан бир туугандарга «коопсуз чеп болуп» береринен эч шектенбейбиз (Забур 9:9, 10).

Байланышуу:

Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел.: +1-845-524-3000