27-АПРЕЛЬ, 2020
КОШМО ШТАТТАР
2020-жылдын Эскерүү кечеси. Кошмо Штаттар
Флоридадагы эки түрмөдө Эскерүү кечесинин программасы көрсөтүлдү
Флориданын Палм-Бич аймагындагы эки түрмөдө камакта отурган 1 100дөн ашуун кишиге алдын ала жаздырылган Эскерүү кечесинин баяндамасы 7-апрелде күн баткандан кийин көрсөтүлгөн. Бирок Жахабанын Күбөлөрү ал жакка барган эмес.
Кабар айтуу үчүн түрмөгө өз ыктыяры менен жума сайын барып турган 12 бир туугандын бири мындай дейт: «Баары ойдогудай болгонуна аябай таң калдык. Жахабанын бул жактагылардын да Эскерүү кечесинде айтыла турган баяндаманы угушун каалаары айкын болду».
Бир туугандар түрмөнүн дин кызматчысынан эки абакта Эскерүү кечесин өткөрүүгө уруксат беришин суранышкан. Бирок COVID-19 пандемиясына байланыштуу бийликтегилер чектөөлөрдү киргизгендиктен, бир туугандар Эскерүү кечесине арналган баяндаманы айтуу үчүн ал жакка бара алышмак эмес. Бир туугандар эмне кылууну чечкенге чейин эле, түрмөнүн дин кызматчысы Эскерүүгө арналган баяндаманын жаздыруусун сураган. Ал эки түрмөдө тең жаздырууну көрсөтүүгө даярдыктарды көрүп коюптур.
Бир туугандар таратуу үчүн же түрмөдөгүлөргө көрсөтүү үчүн дин кызматчыга видео менен кошо Эскерүү кечесине чакыруу баракчаларын берүүнү ойлонуштуруп жатышкан. Кызыктуусу, дин кызматчы Эскерүү кечеси болорун жарнамалап, кулактандырууларды түрмөнүн аймагына илип чыгыптыр. Эскерүү күнү кечинде камактагылардын каалагандары баяндаманы көрө алышкан.
Эскерүү аземинен кийин дин кызматчы бир туугандар менен байланышып, түрмөдөгүлөр үчүн көбүрөөк Ыйык Китеп берип жиберишин сураган. Түрмөгө жиберилген Ыйык Китептердин баары таратылган. Бирок жетпей калып, камактагылар дагы сурашкан.
Кудайдын Сөзүнүн адамдарга жетишине түрмөнүн темир торлору да тоскоолдук кыла албайт (Матай 24:14).