Мазмунун көрсөтүү

Нью-Йорктун Ньюберг шаарында (АКШ) өткөрүлгөн 2023-жылдын «Чыдамдуу болгула!» деп аталган жыйыны

15-МАЙ, 2023
КОШМО ШТАТТАР

2023-жылдын «Чыдамдуу болгула!» деп аталган региондук жыйындары өткөрүлө баштады

2023-жылдын «Чыдамдуу болгула!» деп аталган региондук жыйындары өткөрүлө баштады

COVID-19 пандемиясынын айынан региондук жыйындар 2020-жылдын март айынан тартып бетме-бет өткөрүлбөй калган. Бул жылы «Чыдамдуу болгула!» деп аталган 6 000ден ашуун региондук жыйын дүйнө жүзү боюнча 500дөн ашык тилде өткөрүлөт. Эң алгачкы жүзмө-жүз өткөрүлгөн жыйын 2023-жылдын 12-майынан 14-майына чейин болуп өттү.

Жахабанын Күбөлөрүнүн Ньюбург шаарындагы (Нью-Йорк, АКШ) жыйындар залында өткөн жыйынга 1 800дөн ашуун киши катышты. Алардын арасында Кристин Торрес деген ишенимдешибиз да болгон. Ал мындай дейт: «Төрага „Кош келгиле!“ деп айтканда, залда отургандардын баары дүркүрөтө кол чабышты. Акыры, көрүшүп жатканыбызга баарыбыз тим эле маңдайыбыз жарыла сүйүндүк». Жыйынга баргандардын дагы бири Дюан Смит мындай деп бөлүштү: «Баарыбыз ушунчалык күйүп-жанып, терибизге батпай жаттык. Досторубуз менен кайрадан бетме-бет жолукканда сүйүнгөнүбүздү сурабагыла».

Пандемия маалында чөмүлгөн Жессика Долчемасколо деген ишенимдешибиз өмүрүндө биринчи жолу бетме-бет өткөрүлгөн жыйынга катышып отурат. Ал оргуштаган сезимдерин мындай деп билдирди: «Арабызда өкүм сүргөн кубанычты, сүйүүнү, бакытты сезгенде өзүмдү көптөн бери көрүшпөй калган жан досума жолуккандай эле элестетип жаттым». Ушул жылдын башында чөмүлгөн 18 жаштагы Ноеми Тинажеро деген карындашыбыз болсо: «Аябай жыргап жүргөн үй-бүлөлөрдү, досторду көрдүм... Жаңы заманга барып келгендей эле болуп калдым»,— деген.

Жума күнү эртең менен жыйынга келген ишенимдештерибиз

Жыйындын темасына ыраазы болгондор аябай көп болду. Алсак, Сэм Хух мындай деген: «Өзгөчө, азыркы учурда сабырдуу болуш аябай эле кыйын болуп калды. Ошон үчүн Жахабадай болуп чыдамдуу болушубуз керектиги айтылганы өз учурунда болду». Ал эми Френчи Смит мындай деп ой бөлүштү: «Жыйындан жашоомдун кайсы тармагы болбосун, чыдамдуу болушум керектигин билдим. Программадагы бүт бардык нерселер колдонорлук болду».

Нью-Йорктун Ньюберг шаарында өткөн быйылкы жылдын эң алгачкы ушул жыйынына баргандар чындап эле кубаттанып келишти! Дүйнөнүн чар тарабында жашаган, жыйынга бара элек миллиондогон ишенимдештерибиз да келерки айларды күн санап күтүп жатышат. Анткени жыйында бизге каймана мааниде дасторкон кенен жайылат (Забур 122:1).