22-АПРЕЛЬ, 2020
КОШМО ШТАТТАР
85 жылдан кийин кайрадан биринчи «Падышалык залынын» арноо аземи өттү
Гавайинин Гонолулу шаарындагы Пенсакола көчөсү, 1228де жаңы Падышалык залы курула баштаганда, Күзөт мунарасы коомунун президенти Жозеф Рутерфорд ошол жакка барган. Бул окуя 1935-жылы болгон. Ал чакан имарат өзгөчө болгон, себеби дүйнө жүзүндө биринчи болуп «Падышалык залы» деп аталмак. Ошондой эле кийинки сексен жылдан ашуун убакыт бою көптөр Жахабага сыйынуу үчүн ошол залга барышмак. Бүгүнкү күндө, 85 жылдан кийин, Пенсакола көчөсүндөгү ал Падышалык залына төрт жыйналыш чогулат, алар жолугушууларын беш тилде, анын ичинде гавайи пиджин тилинде өткөрүшөт a.
COVID-19 пандемиясына чейин бир туугандар жергиликтүү тургундарды, бийлик өкүлдөрүн жана мугалимдерди толугу менен кайра оңдолгон тарыхый имараттын 2020-жылдын 11—15-февралына чейин өткөрүлгөн ачык эшик күнүнө чакырышкан. Келген конокторго экскурсия өткөрүлгөн жана алар имараттын тарыхынын көргөзмөсүн көрүп, Жахабанын азыркы убактагы уюмунун учурда жүргүзгөн иш-чаралары жөнүндө айтылган бир туугандардын баяндамаларын угушкан. 16-февралда Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңешинин мүчөсү Дэйвид Сплэйн арноо аземине арналган баяндама айткан.
Программага даярдыктарды көрүүгө жардам берген бир ишенимдешибиз мындай деген: «Ачык эшик күнүн кабар айтуу максатында өткөрбөсөк да, чындыкты уга элек көптөгөн адамдар Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө жакшы ойдо калышты».
Бул окуя бир туугандарыбызга Гавайи аралдарындагы рухий мурасты көбүрөөк баалаганга түрткү берди жана алар: «Деңиз аралдарында Ысрайылдын Кудайы Жахабанын ысмын даңазалашат»,— деген сөздөрдүн аткарылганын өз көзү менен көрө алышты (Ышая 24:15).
a COVID-19 пандемиясына байланыштуу Кошмо Штаттардагы бардык жыйналыштар жолугушууларын Падышалык залында эмес, убактылуу видео байланыш аркылуу өткөрүп жатышат