Мазмунун көрсөтүү

2018-ЖЫЛ, 7-ИЮНЬ
КУБА

Кубадагы авиакырсыктан Жахабанын Күбөсү болгон бир үй-бүлө каза болду

Кубадагы авиакырсыктан Жахабанын Күбөсү болгон бир үй-бүлө каза болду

2018-жылдын 18-майында, жума күнү, Боинг 737 Кубанын Гавана шаарынан абага көтөрүлгөнүнөн бир аздан кийин эле кулады. Учактагы 113 кишиден бирөө эле аман калган. Бул Куба өлкөсүндөгү акыркы жылдарда болгон эң эле каргашалуу авиакырсык болду.

Өкүнүчтүүсү, бул кырсыктан Жахабанын Күбөсү болгон бир үй-бүлө (атасы, апасы жана 22 жаштагы уулу) каза тапты.

Жергиликтүү аксакалдар ал үй-бүлөнүн туугандарын жана досторун сооротуп-жубатып, рухий жактан бекемдөөдө. Ошондой эле жергиликтүү бийликтегилер да жардамын сунуш кылышты. Ушундай оор учурда Жахаба Кудайдын «кайгыргандардын баарын соороторуна» эч шектенбейбиз (Ышая 61:1, 2).