Мазмунун көрсөтүү

14-НОЯБРЬ, 2024
КЫРГЫЗСТАН

«Жаңы дүйнө котормосунун» кайра каралган басылышы кыргыз тилинде жарык көрдү

«Жаңы дүйнө котормосунун» кайра каралган басылышы кыргыз тилинде жарык көрдү

2024-жылдын 9-ноябрында Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Жэффри Уиндер «Жаңы дүйнө котормосунун» кайра каралган басылышы кыргыз тилинде жарык көргөнүн кулактандырды. Бул тууралуу Кыргызстандагы филиалда өткөрүлгөн атайын жолугушууда айтылды. Программага 147 киши бетме-бет катышты, ал эми 3 044 киши программаны түз эфир аркылуу көрө алды. Ыйык Китеп менен бирге Инжилдердин жана Ыйык Китептин айрым китептеринин аудио жаздыруусу чыкты. Аларды jw.org сайтынан жана JW Library тиркемесинен дароо жүктөп алуу мүмкүн болуп калды. Кагаз түрүндөгү басылышы 2025-жылы жеткиликтүү болот.

Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепке негизделген адабияттарды 30 жылдай мурун кыргыз тилине которо башташкан. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда кыргыз тилинде сүйлөгөн 5 миллиондой киши жашайт. Анын ичинде 2 800дөн ашуун бир тууганыбыз өлкөнүн чар тарабындагы 43 жыйналышта жана топтордо кызмат кылып келатышат.