Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 1-ЯНВАРЬ
КЫРГЫЗСТАН

Кыргызстандын Ош шаарында биздин пайдабызга чыгарылган чечим

Кыргызстандын Ош шаарында биздин пайдабызга чыгарылган чечим

Кыргызстандын Юстиция министрлиги 2018-жылдын 30-ноябрында өлкөдө чоңдугу боюнча экинчи орунда турган Ош шаарында Жахабанын Күбөлөрүнүн офисин каттоодон өткөрдү.

Кыргызстандагы Жахабанын Күбөлөрү 1998-жылы өлкөдө мыйзамдуу түрдө катталса да, динге байланыштуу жаңы мыйзам 2008-жылы күчүнө киргенден бери, жергиликтүү бийликтер түштүк жакта жайгашкан Ош шаарындагы бир туугандарыбызды каттоодон баш тартып келишкен. Ошол себептен шаардык бийликтер бир туугандарыбыздын жыйналыш жолугушууларын жана кабар айтуу кызматын мыйзамсыз деп эсептешчү. Милиция кызматкерлери бир туугандар сыйынуу үчүн чогулган үйлөргө же ижарага алынган жерлерге рейд жүргүзгөн учурлар көп болгон.

Биздин пайдабызга чыгарылган бул чечим Кыргызстандагы Жахабанын Күбөлөрүнүн укугу эске алынып, Кудайга эркин сыйынышына жана Ыйык Китептеги кабарды эч тоскоолдуксуз айтышына шарт түзөт деп үмүттөнөбүз (1 Тиметей 2:1—4).