Мазмунун көрсөтүү

2018-ЖЫЛ, 25-ЯНВАРЬ
МАДАГАСКАР

«Ава» циклону Мадагаскарды бүлгүнгө учуратты

«Ава» циклону Мадагаскарды бүлгүнгө учуратты

Мадагаскарда жашагандар 2018-жылдын 5-январында өлкөнү бүлгүнгө учураткан «Ава» циклонунан кийин калыбына келүүдө. Расмий билдирүүгө ылайык, бери дегенде, 51 киши каза болуп, миңдегендер үйсүз калышкан.

Жахабанын Күбөлөрүнүн Мадагаскардагы филиалынын алгачкы билдирүүсү боюнча, кырсыктан бир да Жахабанын Күбөсү каза болгон жок. Бирок алардын, бери дегенде, 45 үйү жана 6 Падышалык залы зыянга учураган же талкаланып калган. Циклон өлкөдөгү жарчылардын көбү жан багып келген айыл-чарбага чоң зыян алып келди. Кырсыктан жабыр тарткан жарчыларды азык-түлүк, кийим-кече, убактылуу баш калкалоочу жай жана башка зарыл нерселер менен камсыз кылыш үчүн Кырсык болгондо жардам берүү комитети уюштурулган. Филиалдан эки бир тууган кырсык болгон аймакка барып, циклондон жабыр тарткан үй-бүлөлөрдү бекемдеш үчүн атайын жолугушуу өткөрдү.

Жетектөөчү Кеңеш кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берүү ишин жетектөөдө. Алар Жахабанын Күбөлөрүнүн бүткүл дүйнөлүк ишине тартуу кылынган каражатты бир туугандардын циклондон улам бүлгүнгө учураган мүлкүн калыбына келтирүүгө жумшап жатышат. Жахабанын Мадагаскардагы бир туугандарыбыз үчүн ушул оор кырдаалда баш маана боло беришин сурап тиленип жатабыз (Забур 9:9, 10).

Байланышуу:

Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел.: +1-845-524-3000

Мадагаскар: Ринера Ракотомалала, тел.: +261-33-37-012-91