7-ФЕВРАЛЬ, 2022
МАЛЬТА
Жахабанын Күбөлөрү Мальтада расмий түрдө катталды
2021-жылдын 28-декабрында Мальтада Жахабанын Күбөлөрүнүн уюму расмий түрдө катталып, юридикалык жак a болуп калды. Аларга ошону тастыктаган атайын документ берилди.
Негизи, Жахабанын Күбөлөрү Мальтада 1970-жылдардан тартып эле иш алып барып келет. Анткен менен ондогон жылдар бою жыйналыштар толугу менен мыйзамдуу түрдө катталбай келген. Мунун айынан имарат сатып алуу, атүгүл банк эсебин ачуу сыяктуу нерселер кыйынчылык туудурчу. Мальтада Эл аралык Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн Ассоциациясынын расмий катталуусу 1994-жылы жокко чыгарылган. Мыйзам тарабынан аларга кайсы бир нерселерди кылууга уруксат берилгени менен көп жагынан чектөөлөр коюлган. Эми, расмий түрдө катталгандан кийин, Мальтадагы Жахабанын Күбөлөрүнүн жергиликтүү кеңсеси жана жыйналыштары ээн-эркин иш алып бара алат.
Уюмубуздун Мальтада мыйзамдуу түрдө катталганы тууралуу Жахабанын Күбөлөрүнүн өкүлү Жоэ Магри мындай деген: «Жахабанын ушундай мыйзамдуу укукка ээ болгонго жумшаган аракетибизге батасын бергенин көрүп, ишенимибиз бекемделди. Ал бизге Британиядагы жана бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыктагы юридикалык бөлүмдөгү ишенимдештерибиз аркылуу жардам бергендиктен, ушундай жакшы натыйжа болду. Расмий түрдө катталганыбыздын аркасында Жахабанын ысмы мурункудан да көбүрөөк даңкталарын, Падышалыктын иши алдыга дагы да илгерилей турганын билүү бизге кубаныч тартуулоодо».
Учурда Мальтада 11 жыйналыш бар. Аларда 800дөн ашуун Жахабанын Күбөсү кызмат кылат. Мальтага Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабар алгач 2 000 жылдай мурун элчи Пабыл барганда айтыла баштаган. Ошондон бери жакшы кабардын «эч тоскоолдуксуз» айтылып жатканына кубанып жатабыз (Элчилер 28:1, 30, 31).
a Мыйзамга ылайык, «юридикалык жакка» адамдар, компаниялар жана уюмдар кирет.