Мазмунун көрсөтүү

Борбордук Америкада жүргүзүлгөн жардам берүү ишине 42 000ден ашуун жарчы өз ыктыяры менен катышты

2019-ЖЫЛ, 12-АПРЕЛЬ
МЕКСИКА

Борбордук Америкадагы Жахабанын Күбөлөрү бүлгүн салган жер титирөөлөрдөн кийин уюштурулган жардам берүү ишин аякташты

Борбордук Америкадагы Жахабанын Күбөлөрү бүлгүн салган жер титирөөлөрдөн кийин уюштурулган жардам берүү ишин аякташты

2017-жылы Гватемала менен Мексикада эки катуу жер титирөө болгон. 2018-жылдын декабрында ишенимдештерибиз ошол аймактарда жүргүзүлгөн жардам берүү ишин толугу менен бүтүрүшкөн.

Борбордук Америкадагы филиал табигый кырсыктан жапа чеккендерди жубатып-кайраттандырыш үчүн бир нече жолугушуу өткөргөн. Ал жолугушуулар Чьяпас, Морелос, Оахака, Пуэбла штаттарында жана Мехико шаарында өткөрүлгөн. Жалпысынан алганда, кырсык болгондо жардам берүү үчүн уюштурулган 39 комитет филиалдын комитетинин жетеги астында куруу, оңдоо иштерин жүргүзгөн.

Борбордук Америкадагы филиалдын комитетинин мүчөсү Жессе Перез кырсыктан жабыр тарткан Морелос штатындагы бир туугандарды бекемдөөдө

Эки бир тууганыбыз кайра курулуп жаткан жыйындар залынын чатырында иштөөдө

Мексикада он штаттан болгон 42 000ден ашуун жарчы өз ыктыяры менен жардам берген. Алар 619 үйдү, 5 Падышалык залын, 2 жыйындар залын кайра курушкан. Ошондой эле 502 үйдү, 53 Падышалык залын оңдошкон. Гватемалада дагы 10 үй кайра курулган.

Жардам алгандардын арасында Хернандестердин жана Сантяголордун үй-бүлөсү да болгон.

Хернандестер кайра курулган үйүнүн жанында турушат

Хернандестердин үй-бүлөсү Мехико шаарынан 40 километр алыстыкта жайгашкан Чалько шаарында жашашат. Алардын үйү 2017-жылдын 19-сентябрында болгон жер титирөөдөн талкаланып калган. Анна Мария Хернандес бир тууган мындай дейт: «Ошол оор учурда эч нерседен кем болгон жокпуз. Ишенимдештерибиз бизге сонун кам көрүп жатышты. Мурунку үйүбүз турган жерде 50дөн ашуун бир туугандын үйүбүздү куруп жатканы көз алдыман кетпейт. Алардын биз үчүн эмнелерди кылып бергенине кошуналарыбыз азыркыга чейин таң калып бүтүшпөйт». Ушундай жардам көрсөтүлгөндөн тышкары, Хернандестердин үйүнө Борбордук Америкадагы филиалдын өкүлү барып, Ыйык Китептеги аяттардын негизинде сооротуп-бекемдеген.

Жаңы салынган үйүнүн алдында турган Сантяголордун үй-бүлөсү

Оахака штатындагы Хучитан шаарында жашаган Сантяголордун үй-бүлөсү 2017-жылдын 7-сентябрында болгон жер титирөөдөн жапа чеккен. Алардын да үйү талкаланып калган. Бирок алты айга жетпеген убакыттын ичинде куруучулар аларга жаңы үй салып беришкен. Үй-бүлө башчысы Виктор Сантяго бир тууган мындай дейт: «Жахабанын уюмунун бизге дароо жардамга келип, колдоо көрсөткөнү ушунчалык жүрөгүмдү козгоду. Мен баары Жахабанын көзөмөлү алдында экенине ынандым».

Борбордук Америкадагы филиалдын комитетинин мүчөсү Жессе Перез бир тууган мындай дейт: «Эки жер титирөө аябай эле зыянга учуратты. Бирок андан кийин уюштурулган жардам берүү иши бир туугандарга даярдуулук рухун чагылдырууга сонун шарт түздү. Көптөгөн ишенимдештерибиз колдоо көрсөтүп, бир туугандык сүйүүсүн далилдешти. Жахаба Кудайыбыздын жардам берүү ишине батасын бергенин көрүп сүйүнүп жатабыз» (2 Корунттуктар 8:1—4).