Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 3-ОКТЯБРЬ
МЕКСИКА

Грек Жазмаларынын «Жаңы дүйнө котормосу» сапотек (истмус) тилинде жарык көрдү

Грек Жазмаларынын «Жаңы дүйнө котормосу» сапотек (истмус) тилинде жарык көрдү

2019-жылдын 27-сентябрында Мексиканын Оахака штатындагы Сан Блас Атемпа шаарында өткөн региондук жыйында Грек Жазмаларынын «Жаңы дүйнө котормосунун» сапотек (истмус) тилинде жарык көргөнү кулактандырылган. Ал жыйынга катышкан 1 983 киши буга абдан сүйүндү. Ыйык Китептин чыкканын Борбордук Америка филиалынын комитетинин мүчөсү Жоел Изагире бир тууган кулактандырган. Жаңы котормонун бир өзгөчөлүгү ал сапотек (истмус) a тилине которулган жана Жахабанын ысмы камтылган эң биринчи Ыйык Китеп болуп саналат.

Котормочулар Ыйык Китепти которуп жаткан учурда өзгөчө кыйынчылыктарга дуушар болушкан. Котормо тобу алыскы котормо кеңсесине (АКК) көчүп баргандан көп өтпөй эле ал аймакта саясий баш аламандык жана төңкөрүштөр башталган. Жаалданган сүрмө топтор шаарга кирчү жолдорду тосуп салышкан. Мындай коогалаңдуу жагдай бир айга созулгандыктан, тамак-аш тартыш боло баштаган. Бактыга жараша, шаардын чет жакасындагы кыштактарда жашаган бир туугандар котормочуларга жашылча-жемиштерди алып келип турушкан. Котормочулар дагы бир кыйынчылыкка кабылышкан: 2017-жылдын 7-сентябрында шаарда кубаттуулугу 8,2 баллга жеткен жер титирөө болуп, АККда кызмат кылуу кооптуу болуп калган. Ошондуктан Борбордук Америка филиалы котормочулардын филиалга көчүрүлүп келишине дароо кам көргөн. Андан тышкары, Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү котормо тобу менен видео байланыш аркылуу сүйлөшүп, аларды Ыйык Китептеги аяттар менен жубатып-бекемдеген.

Бул жаңы Ыйык Китеп сапотек элинен болгон көптөгөн адамдардын «чындыкты так таанып-билишине» шарт түзөрү шексиз (1 Тиметей 2:3, 4).

a Сапотек (истмус) тилинде Мексикада жашаган 85 000ден ашуун киши сүйлөйт. Бул тил сапотек тилинин 50дөн ашык диалектисинин бири болуп саналат.