Мазмунун көрсөтүү

23-ИЮНЬ, 2021
МЕКСИКА

Грек Жазмаларынын «Жаңы дүйнө котормосу» чол тилинде жарык көрдү

Грек Жазмаларынын «Жаңы дүйнө котормосу» чол тилинде жарык көрдү

2021-жылдын 20-июнунда Борбордук Америкадагы филиалдын комитетинин мүчөсү Роберт Батко Грек Жазмаларынын «Жаңы дүйнө котормосунун» чол тилинде чыкканын жарыялады. Алдын ала жаздырылган программа учурунда Ыйык Китептин электрондук түрдө чыкканы айтылды. Ал программаны 800гө жакын киши көрдү.

Ыйык Китептин которулушуна байланыштуу урунттуу нерселер

  • Чол тили жергиликтүү байыркы тил. Ал тилде негизинен Мексиканын түштүк-чыгышындагы Чьяпас штатында сүйлөшөт

  • Эсептөөлөргө ылайык, 200 000ге жакын киши сүйлөйт

  • Чол тилиндеги 22 жыйналыш менен 2 топто 500дөн ашык жарчы кызмат кылат

  • Которуш үчүн 3 котормочу 27 ай эмгектенишкен

Ал долбоорго катышкандардын бири: «Жарык көргөн котормодо күнүмдүк турмушта көп кездешкен сөздөр колдонулду. Ар бир бөлүмдү окуп жыргап жатам»,— деген.

Дагы бирөөсү: «Ыйык Китепти испан тилинде деле окуй алам. Бирок эне тилим болгон чол тилинде окуганда кадимкидей кубанам. Муну үйдүн тамагын жеп рахатттанганга салыштырса болот»,— дейт.

Бул котормо чол тилинде сүйлөгөн бир туугандарыбызга Кудайдын сөзү болгон Ыйык Китептеги «катылган кенчти издегенге» жакшы жардам болорун билебиз (Накыл 2:4, 5).