30-ЯНВАРЬ, 2023
МЕКСИКА
Жахабанын Күбөлөрү Борбордук Америкадагы филиалын көчүрүш үчүн жаңы жер издөөдө
Жетектөөчү Кеңеш Борбордук Америкадагы Мехико шаарына (Мексика штаты) жакын жайгашкан филиалды башка жакка көчүргөнгө уруксат берди. Ал филиалдын көчүрүлүшүнө кам көргөнгө Курулуш долбоор комитетинин (КДК) беш мүчөсү дайындалды. КДК азыр жаңы филиалга ылайыктуу жер издеп жатат.
1974-жылдан тартып ал филиал бир нече жолу оңдолуп-түзөлүп, кеңейтилген. 2011-жылга чейин Борбордук Америкадагы филиал Белиздеги, Коста-Рикадагы, Эль-Сальвадордогу, Гватемаладагы Гондурастагы, Никарагуадагы жана Панамадагы теократиялык иштерди көзөмөлдөп келген. a Учурдагы муктаждыктарды эске алганда, аны дагы кеңейтип, көп жерлерин жаңыртып өзгөртүш керек. Так ошол себептен аны ылайыктуураак башка жерге көчүрүүнү туура көрүштү. Бул чара ал филиалдын Падышалыктын ишинин алдыга илгерилешине көбүрөөк салым кошушуна өбөлгө түзөт.
Филиалды башка жакка көчүрүү долбоору жүзөгө ашырылышы үчүн, төмөнкү нерселер кылынышы керек. Биринчиси, ылайыктуу имарат сатылып алынышы, 300 бейтелдик иштей турган жана жашай турган имараттар курулушу керек. Андан кийин Бейтел үй-бүлөсүнө керек болгон дагы башка турак-жайлар менен кеңселер курулат.
КДКнын мүчөсү Жозеф Ли мындай деп бөлүшөт: «Учурда жаңы комплексти курууга Мексиканын кайсы штаты эң ылайыктуу болорун аныкташ үчүн Борбордук Америкадагы филиалдын комитети менен кызматташып жатабыз. Биздин долбоорубузга бийлик өкүлдөрүнүн жана коомчулуктун көзү түз болгону маанилүү. Ушуга өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Жахаба бардык аракеттерибизге батасын береринен шектенбейбиз».
Бул курулуш долбоорунун аягына чыгышын чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Жахабанын ага батасын берерине бекем ишенебиз (Накыл сөздөр 16:3).
a 2014-жылга чейин Борбордук Америкадагы филиал Мексикадагы филиал катары белгилүү болгон.