17-АВГУСТ, 2020
МЕКСИКА
Мексикага жеткен «Ханна» куюну суу ташкындарын пайда кылды
Болгон жери
Мексиканын Тамаулипас жана Нуэво-Леон штаттары
Кырсык
«Ханна» куюну акырындан тропикалык циклонго айланып, 2020-жылдын 26-июлунда Мексиканын түндүк-чыгышына суу каптатты
Бир туугандарыбызга тийгизген таасири
Нуэво-Леон штатында 14 үй-бүлө алдын ала коопсуз жакка көчүрүлдү
Тамаулипас штатындагы Рейноса шаарында болсо 100 жарчы убактылуу башка жакка көчүрүлдү
Бүлгүнгө учураган мүлк
Нуэво-Леон штатында 21 турак-жай зыянга учурады
Тамаулипас штатында 117 үй зыянга учурады
Жардам берүү иштери
Борбордук Америкадагы филиал Кырсык болгондо жардам берүү комитетин түздү
Бүлгүнгө учураган аймактагы райондук көзөмөлчүлөр менен жергиликтүү аксакалдар суу каптап кеткен үйлөрдү тазалоо жана дезинфекциялоо иштерин жетектеп жатышат
Учурда Нуэво-Леон штатында убактылуу башка жакка көчүрүлгөн бир туугандардын көпчүлүгү үйлөрүнө кайтып келишти
Тамаулипас штатындагы жыйналыштар жабыр тарткандарды тамак-аш, кийим-кечек менен камсыз кылышууда
Жахаба Кудайыбызга ишенимдештерибиздин эч кимиси жаракат албаганы үчүн ыраазыбыз. Жардам берүү иштери токтоосуз түрдө жүргүзүлө баштаганы асмандагы Атабыздын өз эли үчүн «кыйынчылык учурунда тез жардам берүүчү» экенин айкындап турат (Забур 46:1).