Мазмунун көрсөтүү

Кулиакандагы жаңжалда өрттөнүп жаткан унаалар

2019-ЖЫЛ, 8-НОЯБРЬ
МЕКСИКА

Мексиканын Кулиакан шаарындагы ок атыштан бир Жахабанын Күбөсү каза тапты

Мексиканын Кулиакан шаарындагы ок атыштан бир Жахабанын Күбөсү каза тапты

2019-жылдын 17-октябрында Мексиканын Синалоа штатындагы бир миллиондой калкы бар Кулиакан шаарында полиция кызматкерлери жана коопсуздук күчтөрү менен баңгизат саткандардын ортосунда ок атыш болду. Кагылышуу учурунда негизги жолдор жабылып, машинелер өрттөлгөн жана жакын жердеги түрмөдө отургандар качып кетишкен. Бийликтегилер, бери дегенде, 14 киши набыт болгонун маалымдашкан. Өкүнүчтүүсү, Борбордук Америка филиалы каза тапкандардын арасында Ное Белтран деген ишенимдешибиздин да бар экенин билдирген.

Ное Белтран эки баласы менен

39 жаштагы Ное бир тууган үч баланын атасы. Ал иштеп жаткан учурда ок жеген. Жергиликтүү бир туугандар райондук көзөмөлчү менен бирге Ноенин жубайына жана үч баласына Ыйык Китептеги жубатарлык сөздөрдү айтып, аларды кайраттандырууда.

Кулиаканда 80 жыйналышта 7 000ден ашуун Жахабанын Күбөсү бар. Кагылышуу маалында айрым жыйналыштардын иш күндөрүндөгү жолугушуусунун жана кабар айтуу жолугушууларынын убактысы убактылуу өзгөргөн. Ишенимдештерибиздин кээ бирлери иш күндөрүндөгү жолугушууну видео аркылуу көрүшкөн. Райондук көзөмөлчүлөр күтүлбөгөн жерден болгон үрөй учурарлык ал жаңжалды башынан кечирген бир туугандарыбыздын баарын сооротуп-жубатууда.

Ное бир туугандын каза болгонуна баарыбыздын өзөгүбүз өрттөнүп турат. Жахабанын анын жубайына, балдарына мындан ары да колдоо көрсөтө беришин сурап тиленебиз. Биз жер бетине тынчтык орной турган, кайгынын ордун «кубаныч» баса турган заманды чыдамсыздык менен күтүп жатабыз (Мр. 5:42).