2-НОЯБРЬ, 2023
МЕКСИКА
«Отис» куюну Мексиканын түштүк-батыш жээгин бүлүндүрдү
2023-жылдын 25-октябрында «Отис» куюну Мексиканын түштүк-батышындагы Акапулько шаарына жакын жайгашкан жээктин таш-талканын чыгарды. 5-категориядагы бул катуу шамал болуп көрбөгөндөй күч алды. Тынч океандын ошол аймагы мындайды көргөн эмес. Табиятты кыйраткан шамалдын ылдамдыгы саатына 265 километрден ашты. Бороондун себебинен нөшөрлөгөн жаан жаап, суу каптады. Расмий билдирүүгө ылайык, кубаттуу шамал кучагына алган аймакта электр чубалгылары үзүлүп, жолдор менен имараттар талкаланды. Миңдегендер электр жарыгысыз калды. Аз дегенде, 45 киши набыт болду.
Төмөндөгү маалыматты ошол жерде жашаган ишенимдештерибиз куюн болгондон көп өтпөй билдиришти:
Бир туугандарыбызга тийгизген таасири
Ишенимдештерибиздин бири да каза болгон жок, жаракат алган жок
Жабыркаган аймакта 10 000ден ашык бир тууганыбыз жашайт
Акапулькодогу 1 жыйын залы чоң зыянга учурады
Жардам берүү иштери
Райондук көзөмөлчүлөр жана аксакалдар табигый кырсык болгон аймактагыларды Кудайдын Сөзү менен сооротуп-жубатып, зарыл жардам көрсөтүп жатышат
Ал жакка Борбордук Америкадагы филиалдын 4 өкүлү барды. Алар бир туугандарыбыздын ишенимин бекемдеп, күч-кубат беришти
Ишти көзөмөлдөгөнгө Кырсык болгондо жардам берүү комитети дайындалды
«Отис» куюнунун залакасын тарткан бир туугандарыбыздын жүрөгүнө Жахаба тынчтык берип, аларды жубата беришин сурап тиленебиз (Филипиликтер 4:6, 7).