Мазмунун көрсөтүү

3-НОЯБРЬ, 2021
МЕКСИКА

Памела куюнунан кийин Мексиканын Тынч океан менен чектешкен жээгин суу каптады

Памела куюнунан кийин Мексиканын Тынч океан менен чектешкен жээгин суу каптады

2021-жылы 13-октябрда Памела куюну Мексиканын жээгин чоң бүлгүнгө учуратты. 1-категорияга кирген куюндан улам катуу шамал болуп, жаан чакалап төктү. Көбүнчө Дуранго, Наярит жана Синалоа штаттары жабыр тартты.

Бир туугандарыбызга тийгизген таасири

  • Ишенимдештерибизден эч ким жаракат алган жок

  • 112 жарчы үйүн таштап кетүүгө аргасыз болду

  • 75 үйдүн анча-мынча жери талкаланды

  • 1 Падышалык залы бир аз зыянга учурады

Жардам берүү иштери

  • Ишенимдештерибиздин билдирүүсүнө ылайык, жарчылар табигый кырсыкка байланыштуу уюмдан келген эскертүүлөргө кулак каккандын аркасында куюн башталганга чейин эле алдын ала даярдык көрүшкөн

  • Үй-жайын калтырып кетүүгө аргасыз болгондор туугандарыныкына же ишенимдештериникине жайгаштырылды

  • 20 жарчы азык-түлүк менен камсыз кылынды

  • Жергиликтүү аксакалдар жабыр тарткан ишенимдештерибизди жубатып жатышат

  • Жардам берүү иштери COVID-19 пандемиясына тиешелүү көрсөтмөлөргө ылайык жүргүзүлүп жатат

Табигый кырсыктан жабыр тарткандарга тез аранын ичинде жардам көрсөтүлгөнү — Жахабанын бизди жакшы көрөрүнүн айкын далили. Ооба, Кудайыбыз биз үчүн «коопсуз чеп» (Забур 59:16).