Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 1-НОЯБРЬ
МЕКСИКА

Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу» майя тилинде жарык көрдү

Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу» майя тилинде жарык көрдү

2019-жылдын 25-октябры майя тилинде сүйлөгөн 6 500 бир тууган үчүн өзгөчө күн болду. Ал күнү Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу» майя тилинде жарык көрдү. Борбордук Америкадагы филиалдын комитетинин мүчөсү Эстабан Банн Мексикадагы Юкатан штатынын Мерида шаарында өткөн региондук жыйында Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунун» чыкканын кулактандырды. Жыйындын программасы Меридадагы жыйындар залында өткөрүлдү жана ошол эле шаардагы «Полифорум Самна» аренасына трансляцияланды. Жаңы чыккан Ыйык Китеп бир туугандар үчүн кызматта чоң жардам болот, анткени Мексикада жана Кошмо Штаттарда болжол менен 762 000 киши майя тилинде сүйлөйт.

Буга чейин майя тилинде Грек Жазмаларынын «Жаңы дүйнө котормосу» эле бар болчу. Ал 2012-жылдын 14-декабрында чыккан. Андан бери ал дээрлик 29 000 нускада басылып чыккан.

Бир котормочу мындай деген: «Негизинен, майя тилинде сүйлөгөн эл Ыйык Китепти аябай жогору баалайт. Бирок көптөргө майя тилинде окугандарын түшүнүү кыйынга турат. Андыктан эл күнүмдүк жашоодо колдонгон түшүнүктүү, жөнөкөй сөздөрдү колдонууга басым жасадык».

Ыйык Китепти майя тилине которгон бир туугандарга, өзгөчө, ар кайсы региондо тилдин айырмаланганы кыйынчылык туудурду. Ушундан улам Ыйык Китептин жаңы котормосу «Майя тилиндеги Ыйык Китеп» деп аталды. Андан тышкары, Ыйык Китепте 6 000ден ашуун шилтемелер келтирилген. Алардын айрымдары майя тилинде сүйлөгөн окурмандардын баары негизги тексттеги маалыматты так түшүнө алышы үчүн берилген.

Жаңы чыккан Ыйык Китеп өз убагында берилген рухий тамак экенине жана майя тилинде сүйлөгөн бир туугандарга өздүк изилдөөсүндө, кызматта чоң жардам болоруна шек жок (Матай 24:45).