Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 31-ОКТЯБРЬ
МЕКСИКА

Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу» цоциль тилинде жарык көрдү

Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу» цоциль тилинде жарык көрдү

2019-жылы, 25-октябрда Мексиканын Чьяпас штатындагы Тустла-Гутьеррес шаарында жайгашкан бир имаратта региондук жыйын өткөрүлдү. Ал жыйында Борбордук Америкадагы филиалдын комитетинин мүчөсү Армандо Очоа Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунун» цоциль тилинде чыкканын кулактандырды. Жыйын башка жердеги «Конференция борборуна» трансляцияланды. Ага жалпысынан 3 747 киши катышты.

Цоциль тилиндеги Грек Жазмаларынын «Жаңы дүйнө котормосу» 2014-жылдын 26-декабрында чыккан. Ал Мексиканын Чьяпас штатындагы, негизинен, тоолуу аймактарда жана өрөөндөрдө жашаган, цоциль тилинде сүйлөгөн адамдарга таратылган. Мексикадагы 16 000 000дон ашуун жергиликтүү калктын 500 000ге жакыны, анын ичинде 2 814 Жахабанын Күбөсү цоциль тилинде сүйлөйт.

Ыйык Китепти цоциль тилине которгон бир туугандар көптөгөн кыйынчылыктарга туш болушкан. Мисалы, ал жерде өкмөт тарабынан чыгарылган цоциль тилиндеги адабияттар, сөздүктөр жокко эсе. Ошондой эле ал тил жети башка диалектке бөлүнөт. Ошондуктан котормочулар цоциль тилинде сүйлөгөн окурмандардын баары түшүнө ала турган сөздөрдү тандоого бүт күчүн жумшашкан.

Котормочулардын бири мындай деген: «Бул Ыйык Китепте Кудайдын ысмы кездешкендиктен, окурмандар Жахаба менен ынак мамиле өрчүтө алышат. Кудайдын ысымы цоциль тилиндеги башка эки котормодо да кездешет. Бирок ал Чыгуу китебиндеги бир шилтемеде гана жазылган. Бул Ыйык Китеп Кудайдын ысымы тийиштүү жерлердин баарында кездешкен цоциль тилиндеги биринчи котормо болуп калды». Цоциль тилинде сүйлөгөн бир жарчы белгилегендей, ал жакта «Ыйык Китептер өтө эле кымбат турат. Аны сатып алгандар саналуу эле. Биздин Ыйык Китепти болсо баары акысыз ала алышат».

Жаңы чыккан Ыйык Китеп цоциль тилинде сүйлөгөн, «рухий муктаждыгын сезген» адамдардын баарына пайдалуу болот деп толук ишенебиз (Матай 5:3).