Мазмунун көрсөтүү

2018-ЖЫЛ, 15-НОЯБРЬ
МЕКСИКА

Биринин артынан бири келген, Мексиканын таш-талканын чыгарган табигый кырсыктар

Биринин артынан бири келген, Мексиканын таш-талканын чыгарган табигый кырсыктар

23-октябрда Мексика эки табигый кырсыктан, «Висенте» аттуу тропикалык катуу шамалдан жана «Уилла» куюнунан, жабыр тартты. «Висенте» тропикалык шамалынын кесепетинде Мексиканын түштүк жагында 11 кишинин өмүрүн алып кеткен сел каптап, кыян жүрдү. Катуу жаан жана ылдамдыгы саатына 193 километрге жеткен катуу шамал менен коштолгон «Уилла» куюну Тынч океандын Мексикадагы жээктеринин таш-талканын чыгарып, 4 250 кишини башка жакка көчүүгө аргасыз кылды.

Мексикадагы ишибизге көзөмөлдүк кылган Борбордук Америкадагы филиал бир туугандарыбыздын эч кимиси каза болбогонун, ошондой эле эч кандай жаракат албаганын билдирди. Бирок Наярит штатындагы 118 жарчы бийигирээк жайгашкан аймакка көчүрүлдү. Синалоа штатындагы бир Падышалык залын жана бир нече бир туугандын үйлөрүн суу каптап калды. Мичоакан штатындагы беш ишенимдешибиздин да үйү суу астында калды. Жергиликтүү бир туугандар суу каптап калган үйлөрдү жана Падышалык залын тазалап, калыбына келтирип жатышат.

Биз бул куюндардан жабыр тарткан Мексикадагы бир туугандарыбыз үчүн Кудайдан тиленип турабыз. Ошондой эле аларга табигый кырсыктар болбой турган жаңы замандын келерин эсинен чыгарбашына жардам беришин жана баарын көтөрүп кеткенге күч беришин сурайбыз (2 Корунттуктар 6:4).