Мазмунун көрсөтүү

Сүрмө топ тоноп, эшик-терезелерин, чатырын чыгарып кеткен үй. Ылдыйкы сүрөттө: үйлөрүнөн куулуп чыккан «Уичоль» жыйналышындагы бир туугандар.

2018-ЖЫЛ, 6-ФЕВРАЛЬ
МЕКСИКА

Халискодогу Жахабанын Күбөлөрүн уичоль жамаатынан кууп чыгышкан

Халискодогу Жахабанын Күбөлөрүн уичоль жамаатынан кууп чыгышкан

МЕХИКО. 2017-жылдын 4-декабрында Халиско штатынын (Мексика) тоолуу аймагындагы Тукспан де Боланьос шаарчасында сүрмө топ жергиликтүү уичоль жамаатынан болгон 12 Жахабанын Күбөсүнө жана алар менен Ыйык Китепти изилдеп жүргөн 36 кишиге кол салып, үйлөрүнөн кууп чыгышкан. Жахабанын Күбөлөрү уичоль жамаатынын диний каада-салттарына катышпаганы үчүн ушундай кылышкан. Бир туугандар диний куугунтукту токтотушун суранып сотко кайрылышкан.

Бир туугандардын буюм-тайымдарын тоноп кетишкен, калганын ыргытып жиберишкен.

Мексиканын улуттук бийлик өкүлдөрү уичоль элинин каада-салтын жана маданиятын терең урматтагандыктан, аларга өз алдынча бийлик жүргүзүүгө укук берип койгон. Уичоль элинин аксакалдарынын буйругу менен сүрмө топ бир туугандарды үйлөрүнөн сүйрөп чыккан. Андан тышкары, үйлөрүн тоноп, атүгүл эшик-терезелерин, чатырларын чыгарып кетишкен. Калган-каткан буюм-тайымдарын бир аңга ыргытып салышкан. Бир туугандарды болсо токойго алып барып таштап, кайтып келе турган болсо, өлтүрүшөрүн айтып коркутушкан.

Уичоль жыйналышындагы Жахабанын Күбөлөрү Падышалык залынын алдында турушат.

Мексикадагы филиалдын өкүлү жамааттан куулуп чыгарылган бир туугандарды бекемдеп, баш калкалай турган жай менен камсыз кылуу маселесин чечиш үчүн ошол жакка барган. Жахабанын Күбөлөрүнүн жактоочулары Халиско штатынын бийлик башына, адам укуктары боюнча прокурорго, облустук прокурорго жана кылмыштан жапа чеккендердин маселесин караган жетекчиге жолугушкан. Азыркы тапта аталган бийлик өкүлдөрү ошол кылмыш ишин териштирип жатышат.

Гамальель Камарильо, Мексикадагы Жахабанын Күбөлөрүнүн өкүлү, мындай дейт: «Уичоль жамаатында тынчтыкта жашаган, жергиликтүү каада-салттарды сыйлаган ишенимдештерибизге абийирине каршы келген диний каада-салттарды аткаруудан баш тартканы үчүн эле ушундай ырайымсыз мамиле кылынганына аябай жаман болуп жатабыз. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн мындай диний куугунтуктун жакын арада токтошуна кам көрөрүнө үмүттөнөбүз».

Үй-жайынан, мүлкүнөн айрылган бир туугандарыбыз үчүн тиленип турабыз жана Жахабанын аларды өзүнүн уюму аркылуу зарыл нерселер менен камсыз кыла берерине шектенбейбиз (Ышая 32:2).

Байланышуу:

Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел.: +1-845-524-3000

Мексика: Гамальель Камарильо, тел.: +52-555-133-3048