Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 20-СЕНТЯБРЬ
МЕКСИКА

Борбордук Мексикада 7,1 баллга жеткен жер титирөө болду

Борбордук Мексикада 7,1 баллга жеткен жер титирөө болду

2017-жылдын 19-сентябрында Борбордук Мексикада 7,1 баллга жеткен жер титирөө болуп, 200дөн ашуун киши каза тапты. Борбордук Америкадагы филиалдан ал жактагы жагдайга байланыштуу төмөнкүдөй маалымат алдык.

Тилекке каршы, Мехико шаарындагы бир ишенимдешибиз (аял) каза болуп калды. Мындан сырткары, жер титирөөдөн улам үйү урап калган бир бир тууганыбыз (аял) азыркыга чейин табыла элек. Пуэбла шаарындагы бир ишенимдешибиз (аял) оор жаракат алды. Ал эми Мехико штатындагы бир бир тууганыбыз (аял) ооруканага жеткирилди.

Филиал убактылуу башка жакка көчүрүлдү, бирок ишин мурдагыдай эле улантууда. Бир туугандардын эч кимиси жабыр тарткан жок. Филиалдын имараттары да зыянга учураган эмес.

Ушундай оор кырдаалга туш болгон бир туугандарыбыз үчүн Кудайдан тиленип турабыз. Жахаба алардын жаны кыйналып турганын көрүп турат жана сөзсүз жардам берет (Забур 31:7).

Байланышуу:

Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел.: +1-845-524-3000

Мексика: Гамальель Камарильо, тел.: 52-555-133-3048