Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 20-СЕНТЯБРЬ
МЕКСИКА

«Макс» куюну Мексиканын түштүгүн бүлгүнгө учуратты

«Макс» куюну Мексиканын түштүгүн бүлгүнгө учуратты

2017-жылдын 14-сентябрында Мексиканын Тынч океан менен чектешкен түштүк жээгин «Макс» куюну бүлгүнгө учуратты. Куюн басаңдап отуруп, тропикалык шамалга айланды. Куюндун кесепетинде жаан нөшөрлөп төгүп, жерди суу каптады.

Куюндун аймакты канчалык зыянга учуратканы дагы деле такталууда. Өкүнүчтүүсү, кошунасына жардам берүүгө аракет кылып жатып, биздин бир тууганыбыз (эркек) каза болгон. Мексикадагы филиал кырсыктан жапа чеккендерге жардам берүү ишин жетектеп жатат жана жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү үчүн жергиликтүү жыйналыштар менен кызматташууда.

Байланышуу:

Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел.: +1-845-524-3000

Мексика: Гамальель Камарильо, тел.: +52-555-133-3048