Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 12-СЕНТЯБРЬ
МЕКСИКА

Мексиканы бүлгүнгө учураткан «Лидия» куюну

Мексиканы бүлгүнгө учураткан «Лидия» куюну

Жума күнү, 1-сентябрда, Мексиканын Төмөнкү Калифорния жарым аралында «Лидия» тропикалык куюну болду. Куюн ишемби күнү басаңдаганы менен жамгыр чакалап төгүп, жаан-чачындын өлчөмү 69сантиметрге жетти. 1933-жылдан бери мындай катуу жамгыр жаай элек болчу. Куюндан, бери дегенде, беш адам өмүрүнөн айрылды.

Мексика шаарындагы Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалы билдиргендей, бир ишенимдешибиз үйүнө келатканда шар агып, каптап келаткан сууга агып кетип каза болгон. Ал эми үч бир тууганыбызды сууга агып баратканда сактап калышкан. Мындан тышкары, куюн сегиз үйдү талкалап кеткен. Куюндан жабыр тарткандарга үй-бүлө мүчөлөрү же жергиликтүү ишенимдештери кам көрүүдө.

Жахабанын Күбөлөрүнүн башкы башкармалыгындагы Жетектөөчү Кеңеш бүткүл дүйнөлүк кабар айтуу ишине тартуу кылынган каражаттан колдонуп, кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берүү ишин жетектөөдө.

Байланышуу:

Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел: +1-845-524-3000

Мексика: Гамальель Камарильо, тел: +52-555-133-3048