Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 8-СЕНТЯБРЬ
МЕКСИКА

Мексикада жер титирөө болду

Мексикада жер титирөө болду

7-сентябрда, бейшемби күнү, кечке маал Мексиканын түштүк жагындагы Тынч океандын жээгинде кубаттуулугу 8,2ге жеткен жер титирөө болду. Бир кылымдын ичинде Мексикада болгон жер титирөөлөрдүн эң күчтүүсү деп катталган бул кырсыкта, бери дегенде, 45 киши каза тапты. Тилекке каршы, үч бир тууганыбыз (1 эркек, 2 аял) набыт болду деген суук кабар алдык.

Мындан тышкары, алгачкы билдирүүгө ылайык, көптөгөн ишенимдештерибиздин үйлөрү, Падышалык залдарынын айрымдары талкаланган. Чьяпас штатындагы эки жыйындар залы да зыянга учураган. Дагы кандай жардам көрсөтүлүшү керектиги учурда такталууда.

Жахабадан бир туугандарыбызды жубатып, күч-кайрат беришин сурап, тиленип турабыз (2 Тесалоникалыктар 2:16, 17).

Байланышуу:

Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел: +1-845-524-3000

Мексика: Гамальель Камарильо, тел: +52-555-133-3048