Мазмунун көрсөтүү

2018-ЖЫЛ, 2-НОЯБРЬ
МИКРОНЕЗИЯ

«Юту» тайфуну Мариана аралдарынын түндүгүн кыйратты

«Юту» тайфуну Мариана аралдарынын түндүгүн кыйратты

2018-жылдын 24-октябрында 5-категориядагы «Юту» тайфуну Мариана аралдарынын түндүгүн талкалады. Сайпан жана Тиниан аралдарында ылдамдыгы саатына 280 километрге жеткен шамал миңдеген адамдардын үйлөрүнүн таш-талканын чыгарып, электр жарыгысыз калтырды.

Мариана аралдарынын түндүк аймагына көзөмөлдүк кылган Микронезиядагы филиалдын билдирүүсүнө ылайык, бир туугандардын эч кимиси каза болгон эмес жана жаракат алгандар да жок. Бирок 15 Жахабанын Күбөсүнүн үйү таптакыр талкаланып калган жана 40 бир туугандын үйү зыян тарткан. Андан сырткары, Сайпан аралындагы миссионерлер үйү, ошондой эле Сайпан жана Тиниан аралдарындагы Падышалык залдары жабыркаган.

Кырсык болгондо жардам берүү комитети жапа чеккендерге жардам берүү ишин жетектөөдө. Мындан тышкары, башка жакка көчүүгө аргасыз болгон жарчыларга жергиликтүү Жахабанын Күбөлөрү кам көрүүдө. Филиалдын комитетинин мүчөсү бир туугандардын Кудайга болгон ишенимин бекемдеп, жубатыш үчүн кырсык болгон аймакка барат.

Биз табигый кырсыктан жабыркаган бир туугандарыбыз үчүн тиленип турабыз. «Жахаба Өзүн чакыргандардын баарына жакын» экенин жана алардын «зарлаган үндөрүн угарын» билгенибиз бизди сооротуп-жубатат (Забур 145:18, 19).