Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 28-МАЙ
МОЗАМБИК

«Кеннет» циклону Мозамбиктин түндүк жагын бүлгүнгө учуратты

«Кеннет» циклону Мозамбиктин түндүк жагын бүлгүнгө учуратты

2019-жылдын 25-апрелинде «Кеннет» циклону Мозамбиктин түндүк жагынын таш-талканын чыгарды. Бул март айында өлкөнү катуу жабыркаткан «Идай» циклонунан кийинки экинчи циклон болду. «Кеннет» циклонунун кесепетинде сел каптап, кыян жүрдү. Көптөгөн үйлөр, жолдор талкалангандыктан, элдин абалы ого бетер оордоду.

Кабу-Делгаду провинциясында 300дөй жарчы жашайт. Бактыга жараша, алардын эч кимиси каза болгон жок жана жаракат алган жок. Бирок бир туугандардын 9 үйү талкаланып, 16сы анча-мынча зыянга учурады. Андан тышкары, бир Падышалык залы талкаланып, үчөө зыян тартты. Ошол аймактагы райондук көзөмөлчү, Жергиликтүү долбоор/курулуш бөлүмүнүн өкүлү жана алыскы котормо кеңсесинде кызмат кылган эки бир тууган кырсыктан жабыркаган жыйналыштардын баарына барып, ишенимдештерин сооротуп-жубатышты.

«Кыйынчылык учурунда» кайраттандырып, жардам бериши үчүн Жахаба Кудайыбызга ишеним артып, ага таянып жаткан ал бир туугандарыбыз үчүн тиленип турабыз (Забур 46:1).