Мазмунун көрсөтүү

«Чалан» шамалы Мозамбиктин жээк бойлой жайгашкан аймактарына бүлгүн салды

13-ЯНВАРЬ, 2021
МОЗАМБИК

Мозамбик «Чалан» тропикалык шамалынан жабыркады

Мозамбик «Чалан» тропикалык шамалынан жабыркады

Болгон жери

Шамал Мозамбиктин борборундагы Софала менен Маника провинциясына, анын ичинде 2019-жылы мартта болгон «Идай» циклону таш-талканын чыгарган аймактарга зыян келтирди

Кырсык

  • 2020-жылдын 30-декабрында «Чалан» тропикалык шамалы Мозамбикти аралай өттү. Анын натыйжасында сел жүрүп, жер көчтү

Бир туугандарыбызга тийгизген таасири

  • Үч жарчы анча-мынча жаракат алган

Мүлккө келтирилген зыян

  • 34 үйдүн анча-мынча жери бузулган

  • 12 үй чоң зыян тарткан

  • 16 үй талкаланып калган

  • 7 Падышалык залынын анча-мынча жери зыян тарткан

  • 4 Падышалык залынын бир топ жери талкаланган

  • 1 Падышалык залы толугу менен талкаланып калган

Жардам берүү иштери

  • Кырсык болгондо жардам берүү комитети уюштурулуп, жардам көрсөтүү боюнча жергиликтүү иштерди көзөмөлдөөдө, анын ичинде үйү талкаланган жарчыларга убактылуу баш калкалоочу жай тапканга жардам берүүдө. Ошол эле учурда алар COVID-19 пандемиясына байланыштуу сактык чараларына карманышууда

Жакында эле болгон катуу шамалдан жабыр тарткан ишенимдештерибизге жардам берсин деп мындан ары да Жахабадан тиленип турабыз (Забур 121:2).