Мазмунун көрсөтүү

Монголиянын борбору Улан-Батордогу биринчи баскычтагы административдик соттун алдында турган жергиликтүү бир туугандар жана алардын жактоочулары.

2018-ЖЫЛ, 24-АВГУСТ
МОНГОЛИЯ

Монголиядагы дин тутуу эркиндигине байланыштуу жеңиш: Жахабанын Күбөлөрү кайрадан каттоодон өттү

Монголиядагы дин тутуу эркиндигине байланыштуу жеңиш: Жахабанын Күбөлөрү кайрадан каттоодон өттү

2018-жылдын 14-июнунда Монголиянын борбор шаары Улан-Батордогу Жахабанын Күбөлөрү шаардык кеңештен Жахабанын Күбөлөрүнүн Монголияда кайрадан расмий түрдө катталганын билдирген сертификат алышкан.

Улан-Батордогу Жахабанын Күбөлөрүнө мыйзамдуу түрдө иш жүргүзүүгө укук берген, кайрадан катталганын билдирген сертификат.

Монголиядагы диний уюмдардан жыл сайын катталып туруу талап кылынат. Бир туугандарыбыз 1999-жылы биринчи жолу катталгандан бери жыл сайын каттоодон өтүп турушкан. Бирок 2015-жылы шаардык кеңеш Улан-Батордогу юридикалык жагыбызды каттоодон баш тарткан. Ал эми 2017-жылдын январь айында шаардык кеңеш Жахабанын Күбөлөрүнүн юридикалык жагынын диний иштерин жүргүзүүгө уруксат берген расмий каттоосун жокко чыгарган. Кеңештин өкүлдөрү мындай чечимдин чыгышына жүйөлүү себептер бар экенин ырастап, бирок аларды ачык айтуудан баш тартышкан. Бир туугандар шаардык кеңештин чечимине макул эместигин билдирип, сотко доо-арыз менен кайрылууну чечишкен.

Административдик сотто өткөн сот отурумунда шаардык кеңештин жактоочусу Орусиянын Жогорку соту Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн юридикалык жактарын жоюп салганын далил катары келтиргенге аракет кылган. Биздин жактоочулар ал чечимдин эл аралык сынга алынып жатканын жана эл аралык соттор тарабынан мыйзамсыз деп табылганын айтышкан. Андан сырткары, Орусиянын Жогорку сотунун чечими шаардык кеңештин чечими чыккандан кийин чыгарылгандыктан, шаардык кеңеш өзүнүн иш-аракетин актоо үчүн аны далил катары колдоно албай турганын билдиришкен.

Административдик сот шаардык кеңештин ушак-айыңдын негизинде иш кылганын жана Жахабанын Күбөлөрүнүн иштери зыян алып келерин тастыктаган далилдерди келтире албаганын билдирип, анын чечимин жокко чыгарган. Ошондой эле сот шаардык кеңештин бир туугандардын негизги укуктарын, анын ичинде диний ишенимин эркин билдирүү укугун бузган деген бүтүмгө келген.

Жахабанын Күбөлөрүнүн жактоочуларынын бири Жейсон Уайз мындай деген: «Негизги укуктарга жана эркиндиктерге ээ болуу үчүн өкмөт тарабынан каттоодон өтүү талап кылынбаса да, каттоодон өтпөй эркин сыйынуу көп учурда кыйынга турат. Расмий катталганыбыздын аркасында көп иштерди кылуу, мисалы, Ыйык Китептерди жана ага негизделген адабияттарды өлкөгө алып кирүү, сыйына турган жайларыбызга ээлик кылуу же жыйын өтө турган жерлерди ижарага алуу оңоюраак болот. Административдик соттун Улан-Батордогу шаардык кеңештин чечимин жокко чыгарганына жана ушу сыяктуу чечимдердин Монголиядагы дин тутуу жана биригүү эркиндиктерине терс таасир этерин билдиргенине абдан ыраазыбыз».