15-НОЯБРЬ, 2019
НЕПАЛ
Непалдагы негизсиз айыпталган эки Жахабанын Күбөсү аппеляциялык сот болгонго чейин камактан бошотулду
2019-жылдын 4-ноябрында Тирта Мая Гале менен Пушпа Гимиа шарттуу бошотулду. Непал мамлекетинин мыйзамы жана эл аралык мыйзамдар боюнча, ал ишенимдештерибиз каалаган динин тутууга укуктуу болсо да, үч айга эркинен ажыратылган. Алар түрмөдө бир айдан ашык убакыт отургандан кийин бошотулушкан.
Туура бир жыл мурун Тирта менен Пушпа көчөдөн Ыйык Китепте айтылгандарга кызыккан адамдар менен маек курушканы үчүн эле камакка алынышкан. Алар убактылуу камак жайында 13 күн өткөргөндөн кийин, күрөөгө 100 000 рупий (болжол менен 930 АКШ доллары) төлөп берип, бошотулушкан. Анткен менен бийликтегилер аларга каршы козголгон кылмыш иши боюнча тергөө иштерин жүргүзө беришкен.
2018-жылдын 10-декабрында биринчи баскычтагы сотто кылмыш иши боюнча сот отуруму башталып, 10 айга созулган. 2019-жылдын 25-сентябрында Рупандехи райондук соту ал эки ишенимдешибизди үч айга кесип, 2 500 рупий (болжол менен 23 АКШ доллары) айып пул салган.
Райондук сот Тирта менен Пушпаны башкаларды өзүнүн динине тартууга аракет кылып, адабияттарды таратышты деген айыптын негизинде күнөөлүү деп тапкан. Непал Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болгондуктан, Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пактка кол койгондуктан жарандарынын өздөрү каалаган динди тандоого, ишенген нерселери жөнүндө башкаларга айтууга жана аларга ылайык жашоого болгон укугун коргоого милдеттүү. Айта кетчү нерсе, Тирта менен Пушпа башкаларды өзүнүн динине өтүүгө мажбурлашкан эмес. Алар тек гана Ыйык Китепте жазылгандар жөнүндө көбүрөөк билгиси келгендерге адабият беришкен. Ошол себептен алардын жактоочулары 2019-жылдын 31-октябрында аппеляциялык сотко доо-арыз менен кайрылышкан. Өз кезегинде аппеляциялык сот иштин чоо-жайы каралып, чечим чыгарылганга чейин аларды камактан бошотууну туура көргөн.
Аппеляциялык сот чечим чыгарганга чейин Жахаба Кудайыбыздан Тирта менен Пушпага күч-кубат, жан-дүйнө тынчтыгын беришин сурап тиленебиз (Римдиктер 15:13).