Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 25-АВГУСТ
НЕПАЛ

Непалды суу каптап, көчкү жүрүүдө

Непалды суу каптап, көчкү жүрүүдө

Непалда катуу жаан жаагандын аркасында жерлерди суу каптап, көчкү жүрүүдө. Кесепетинде миңдегендер үйсүз калып, 140тан ашуун киши каза тапкан. Суу каптоодон чоң жолдор, электр чубалгылары зыянга учурагандыктан, жапа чеккендерге жардам көрсөтүү кыйынга турууда.

Жахабанын Күбөлөрүнүн Непалдагы кабар айтуу ишине көзөмөл жүргүзгөн Жапониядагы филиалы табигый кырсыктан бир да Жахабанын Күбөсү жаракат албаганын жана каза болбогонун билдирди. Бирок, бери дегенде, төрт үй-бүлөнүн үйү бүлгүнгө учураган. Андыктан алар башка жакка көчүүгө аргасыз болушкан. Жергиликтүү Жахабанын Күбөлөрү үйсүз калган ишенимдештерине кам көрүп жатышат.

Байланышуу:

Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел: +1-845-524-3000

Жапония: Итики Мацунага, тел: +81-46-233-0005

Непал: Рубен Тапалия, тел: +977-9813469616