Мазмунун көрсөтүү

1930-жылдардын башында адабияттар жана патефон менен сүрөткө түшкөн Жахабанын Күбөлөрү

13-ДЕКАБРЬ, 2021
НИГЕРИЯ

Жахабанын Күбөлөрүнүн Нигерияда кабар айтып жатканына 100 жыл болду!

1921—2021. Бир нече кызыгуучудан 400 000ден ашуун жарчыга чейин

Жахабанын Күбөлөрүнүн Нигерияда кабар айтып жатканына 100 жыл болду!

Жакында эле Нигериядагы Жахабанын Күбөлөрү өлкөсүндөгү кабар айтуу ишинин 100 жылдыгына арналган атайын эки азем өткөрүштү. 2021-жылдын 12-декабрында Нигериядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн бардык жыйналыштары өлкөдөгү кабар айтуу ишинин тарыхы тууралуу баяндамалар жана дил маектер камтылган алдын ала жаздырылган программаны көрүштү. Программа эфик, англис, игбо, пиджин (Батыш Африка), йоруба тилдеринде жана нигерия жаңдоо тилинде көрсөтүлдү. Ага чейин, 2021-жылдын 10-декабрында, филиалда атайын көргөзмө ачылган. Учурда ал көргөзмөнү Нигериядагы филиалда кызмат кылгандар гана көрө алышат, бирок келечекте музейге каалоочулардын баары келе алышат.

«Ыйык китептик» Браун деп белгилүү болгон Уильям Браун (солдо) жергиликтүү бир туугандар жана миссионерлер менен филиалдын алдында турат (1948-жыл)

«100 жылдан бери кайраттуулук көрсөтүп келаткандар» деп аталган ал көргөзмөдөн ишибизге тыюу салынганына, коомчулуктун шылдыңына, ошондой эле жарандык согушка карабай Нигериядагы бир туугандардын бекем ишеним жана тайманбастык менен кабар айтып, кайраттуулук көрсөткөнү тууралуу билсе болот. Аудио жана видео жаздыруулары бар интерактивдүү панелдер, ошондой эле ар кандай экспонаттар коюлган стенддер аркылуу тарыхта болгон окуялар жандандырылып көрсөтүлгөн. Көргөзмөгө келгендер акыркы 100 жылдын ичинде Нигериядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн саны канчалык өскөнүн биле алышат. 1921-жылдын декабрында Лагосто өткөрүлгөн Ыйык Китепти изилдөө сабактарына бир нече эле кызыгуучу катышчу. Ал эми бүгүнкү күндө өлкөдө 400 000ден ашуун жарчы бар.

Бул көргөзмөдө көрсөтүлгөн кайраттуу ишенимдештерибиз — жергиликтүү Жахабанын Күбөлөрү үчүн эле эмес, бүткүл дүйнөлүк боордоштугубуз үчүн да чоң үлгү (Жакан 16:33).