Мазмунун көрсөтүү

Риверс штатындагы сел каптап калган үй

21-ОКТЯБРЬ, 2022
НИГЕРИЯ

Нигерияны калдайган кара сел каптап, бөтөнчө «чоң кырсыкка» учуратты

Нигерияны калдайган кара сел каптап, бөтөнчө «чоң кырсыкка» учуратты

Нигерияда жаан чакалап төгө бергендиктен жердин баарын калдайган кара сел каптады. Мындай кырсык ондогон жылдардан бери боло элек болчу. Баарынан да, Нигериянын түштүк жээгинен орун алган жерлер жана Нигер менен Бенуэ деген дарыялардын чет-жакасындагы жерлер жабыркады. Сел жолдор менен көпүрөлөрдү жууп кетти. Бир миллиондон ашык кишиге үйлөрүн таштап, башка жакка качканга туура келди. Бери дегенде, 600 киши набыт болду. Нигериядагы Улуттук өзгөчө кырдаалдарды көзөмөлдөө уюму бул кырсыкты «бөтөнчө чоң кырсык» деп сыпаттады. Бийликтегилер жердин баары укмуштуудай бүлгүнгө учургандыктан, тамак-аш тартыш болот деп болжоп жатышат.

Бир туугандарыбызга тийгизген таасири

    Сел каптап калган жерден башка жакка кетип жаткан ишенимдешибиз

  • Ишенимдештерибиздин бири да өмүрүнөн ажыраган жок

  • 4 074 жарчы башка жакка көчүрүлдү

  • 900 үйдү сууп каптап турат

  • 180 үй толугу менен кыйрап калды

  • 70 Падышалык залын жана 1 жыйындар залын суу каптап турат

Жардам берүү иштери

  • Кырсык болгондо жардам берүү боюнча 4 комитет түзүлдү

  • Башка жакка көчүрүлгөн жарчылар суу, тамак-аш, убактылуу баш калкалоочу жай жана башка нерселер менен камсыз кылынды

  • Жергиликтүү аксакалдар менен райондук көзөмөлчүлөр жабыр тарткандарды сооротуп-жубатып, керектүү жардамды берип жатышат

  • Бардык жардам берүү иштери COVID-19 пандемиясына байланыштуу сактык чараларына ылайык аткарылууда

Өзгөчө оор күндөрдө жашап жатканыбызга карабай, Жахаба башына «мүшкүл түшкөн күнү» кызматчыларын эч нерседен өксүтпөй, сооротуп-жубатып, «турагына жашырып» жатат. Бул үчүн Жахабага миң мертебе ыраазыбыз (Забур 27:5).