Мазмунун көрсөтүү

2018-ЖЫЛ, 23-ОКТЯБРЬ
НИГЕРИЯ

Нөшөрлөгөн жаандан улам Нигерияны суу каптады

Нөшөрлөгөн жаандан улам Нигерияны суу каптады

Жаан-чачындуу мезгилде нөшөрлөгөн жаандан улам Нигериянын борборундагы жана түштүк жагындагы аймактарды суу каптаган. Өлкөдөгү эң чоң дарыялар: Бенуэ менен Нигер дарыялары ашып-ташып кеткендиктен, миңдеген адамдар башка жакка көчүрүлүп, 100дөн ашык киши каза тапкан.

Алгачкы билдирүүлөргө ылайык, бир туугандарыбыздын арасында каза болгондор же катуу зыян тарткандар жок. Бирок, бери дегенде, 2000 жарчы башка жакка көчүүгө аргасыз болгон. Алардын 1000ден ашууну жардамга муктаж. Жапа чеккендердин көбү коопсуз аймактарда жашаган ишенимдештеринин үйүндө баш калкалоодо.

Жабыр тарткандарга кам көрүп, кайраттандырып-бекемдеш үчүн Кырсык болгондо жардам берүү комитети уюшулган. Нигериядагы филиалдын комитетинин эки мүчөсү, райондук көзөмөлчү, кызмат бөлүмүндө жана жергиликтүү долбоор/курулуш бөлүмүндө кызмат кылган бир туугандар жарчыларды жубатып-сооротуу үчүн кырсык болгон аймакка барышкан.

Ал ишенимдештерибиз ушундай кырсык-каргашадан жапа чексе да, асмандагы Атабыз Жахаба «кыйынчылык учурунда аларга чеп болуп» берет (Забур 37:39).