Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 4-АВГУСТ
НИГЕРИЯ

Нигерияда катуу жаан жаады

Нигерияда катуу жаан жаады

2017-жылдын 6-июлунан тартып 12-июлуна чейин Нигериянын түштүк-батышында жааган катуу жаандан улам Лагос, Нигер жана Ойо штаттарын сел каптап кеткен. Жаңылыктардан берилген маалыматка ылайык, бери дегенде, 18 адам өмүрүнөн айрылган.

Жахабанын Күбөлөрүнүн Нигериядагы филиалы билдиргендей, Жахабанын Күбөлөрүнүн арасынан эч ким каза болуп же катуу жаракат алган жок. Болгону, төртөөнө башка жакка көчүүгө туура келди, эки үй-бүлөнүн үйү бүлгүнгө учурады, дагы бирөөнүкү урап калды. Нигериядагы Жахабанын Күбөлөрү ишенимдештерине да, башка жакка көчүүгө аргасыз болгон же үйсүз калган Жахабанын Күбөсү болбогон кошуна-колоңдоруна да жардам берип жатышат.

Байланышуу:

Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел: +1-845-524-3000

Нигерия: Пол Эндрю, тел: +234-7080-662-020