Мазмунун көрсөтүү

Жогоруда: Амстердамдагы Бейтел, 1964-жыл. Ылдый жакта: 1950—1960-жылдары филиалдын кеңселеринде иштеп жаткан ишенимдештерибиз

7-ОКТЯБРЬ, 2022
НИДЕРЛАНДИЯ

Нидерландиядагы кыйынчылыктар менен жеңиштер. 100 жыл аралыгы

Нидерландиядагы кыйынчылыктар менен жеңиштер. 100 жыл аралыгы

Быйыл, 2022-жылы, Нидерландиянын борбор шаары Амстердамда филиалдын уюшулганына 100 жыл болду. Ошол убакыт аралыгында ишенимдештерибиз күчтүү ишеним жана кайраттуулук көрсөтүштү.

Нидерландияга жакшы кабар 20-кылымдын башында жеткен. Ошондо Генрих Бринкхоф аттуу жаш жигит Күзөт мунарасы коому жана Эл аралык Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн Ассоциациясы тарабынан чыгарылган адабияттарды окуй баштаган. Көп өтпөй ал билгендерин башкаларга айтып кирген. Ошентип, чындыктын үрөнү өсө баштаган. 1920-жылы Жозеф Рутерфорд Европаны кыдырып, Швейцарияда филиалды негиздеген. Ал филиал Нидерландияга да көзөмөл кылган. 1921-жылы Рутерфорд Нидерландиядагы ишти көзөмөлдөө үчүн Адриан Блок деген бир тууганды дайындаган. 1922-жылы Амстердамда филиал уюшулган.

Филиал ишке киришкенден тартып кабар айтуу иши жакшыраак уюшула баштаган. Жахабанын Күбөлөрүнүн саны барган сайын өсө берген. Экинчи дүйнөлүк согуштун алдында өлкөдө 500дөй жарчы болгон.

Согуш башталганда, нидерландиялыктарды нацисттер басып алган. Башкалардын арасынан өзгөчө Жахабанын Күбөлөрү куугунтукка кабылышкан. Баскынчылык учурунда 300дөй ишенимдешибиз өлкөдөн куулган, алардын көбү концлагерлерге жөнөтүлгөн. 130дай бир тууганыбыз оорудан жана башка кыйынчылыктардан улам каза болгон. Ушундай куугунтукка карабай 1945-жылы, согуш аяктаганга чейин, Нидерландиядагы Жахабанын Күбөлөрдүн саны 3 125ке жеткен.

Бирок согуш аяктагандан кийин деле куугунтук токтоп калган эмес. Католик чиркөөсү Жахабанын Күбөлөрүнө, өзгөчө, өлкөнүн түштүгүндөгүлөрүнө катуу каршылык көрсөткөн. Эсте каларлык окуялардын бири 1952-жылы болгон. Ошондо католик чиркөөсү Венлодогу жыйынды токтотууга аракет кылган. Ошол каршылыктан улам жыйын өткөрүлчү жай боюнча алдын ала түзүлгөн келишим жокко чыгарылган. Бирок бир туугандар багынып калбай, айдың таалага чатырларды тигип, ошол жерде жыйын өткөрүшкөн.

Душмандар ушуну менен токтоп калган эмес. Бир жолу жыйын маалында 1 000ден ашык киши жабыла келип, программаны токтотууга аракет кылган. Полиция кызматкерлери атүгүл жыйын өтүп жаткан жерди тинтип, жыйындын жекшемби күндүн түштөн кийинки бөлүгүндө айрым бир туугандарды кармап кетишкен.

Азыркы учурдагы Эммендеги филиал

Бут тоскондордун бул аракеттеринин биринен да майнап чыккан эмес. Филиалдан берилген көрсөтмөлөргө кармануунун аркасында жооптуу бир туугандар жыйындын программасын уланта алышкан.

Жахаба бир туугандардын туруктуулугуна батасын бере берген. 1983-жылы Нидерландиядагы филиал Эммендеги жаңы имаратка көчкөн. 2022-жылы Нидерландиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн саны дээрлик 30 000ге жеткен.

Нидерландиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн тарыхы Жахабанын өз элин «эч качан калтырбай, эч убакта таштабай» турганын тастыктап турат (Мыйзам 31:6).