Мазмунун көрсөтүү

Осло райондук сотунун имараты

11-ЯНВАРЬ, 2023
НОРВЕГИЯ

Норвегиянын соту Жахабанын Күбөлөрүнүн каттоосун азырынча жокко чыгарбайт

Норвегиянын соту Жахабанын Күбөлөрүнүн каттоосун азырынча жокко чыгарбайт

2022-жылы 30-декабрда Норвегиядагы Осло райондук соту ишенимдештерибиздин арызын канааттандырып, расмий каттообузду жокко чыгаруу жөнүндөгү чечимди азырынча күчүнө киргизбей турганга макулдук берди. Эске салсак, Норвегия өкмөтү диний уюм катары расмий каттоодон өткөн Жахабанын Күбөлөрүн тизмеден чийип салууга ниеттенип жаткан. Осло жана Викен округунун губернатору биздин расмий каттообуздун жокко чыгарылышы жөнүндөгү чечимди жарыялаган болчу. Андыктан ишибиз сотто каралаганга чейин расмий каттообуз күчүндө болот. Балдар жана үй-бүлө маселелери боюнча министрлик буга каршы болуп жатат.

Норвегиядагы алыскы котормо кеңсеси жана уюмубуздагы мектептер өткөрүлгөн имарат. Бул имарат 2012-жылга чейин Норвегиядагы филиал катары колдонулган. Андан кийин ал жактагы ишибиз Данияда жайгашкан Скандинавия филиалынын көзөмөлүнө өткөн

Райондук соттун биздин уюмдун расмий каттоосун азырынча жокко чыгарбаганы ишенимдештерибизге, анын ичинде баш кошконго убадалашып койгон түгөйлөргө жакшы болуп жатат. Себеп дегенде, Норвегияда каттоодон өткөн диний уюмдарга гана жубайлардын никесин каттаганга уруксат берилет. Эгер өкмөт Жахабанын Күбөлөрүн каттоодон өткөн диний уюмдардын катарынан чыгарып салса, атайын дайындалган ишенимдештерибиз нике каттоо укугунан айрылып калмак. Азырынча каттообуз жокко чыгарыла элек болгондуктан, баш кошконго убадалашкан түгөйлөр үйлөнүү үлпөт тоюна байланышкан расмий каадаларын Падышалык залында өткөрө алышат жана никесин каттатканга Жахабанын Күбөлөрүнүн бирин тандай алышат.

Баш кошконго убадалашкан Бёрнстад менен Андраде Монтело. Алардын сөздөрү 2022-жылдын 28-декабрында жазылган арызга кошулган

Соттун чечими болочок түгөйлөргө — Андре Бьёрнстад менен Ясмин де Андраде Монтелого — түздөн-түз таасирин тийгизген. 2022-жылдын 28-мартында толтурулган арызыбызга ал экөөнүн да сөздөрү камтылган. Айрымдар: «Болочок колуктусу экөөнүн никесин Жахабанын Күбөлөрүнүн бири катташы ушунчалык эле маанилүүбү?» — деп таң калышы мүмкүн. Ошону эске алып Андре: «Ким болбосун, туткан динин, ишенген нерселерин маанилүү деп эсептейт. Эгер алар тебелендиде калса, өзүн бир жери кемип калгандай эле сезет»,— деген.

Норвегияда Жахабанын Күбөлөрүнүн каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим чыгарылганга чейин, өкмөт бизди мамлекет тарабынан берилген акчалай жардамды алуу укугунан ажыратып койгон. Ага чейин андай жардамды 30 жылдан ашуун убакыт бою алып келгенбиз. Негизи, акчалай жардам мамлекет тарабынан өлкөдөгү 700дөн ашуун диний уюмга берилет. Өкмөт бул жардамды бергенден баш тарткандан кийин, 2022-жылдын 21-декабрында Жахабанын Күбөлөрү мыйзам талабына ылайык келген доо-арыз жазышкан.

Норвегия өкмөтү Ыйык Китепте жазылган талаптардын негизинде карманып келаткан окууларыбызга, тактап айтканда, жыйналыштан чыгаруу чарасына каршы чыккан. Ал эле эмес, расмий каттооңордун жокко чыгарылышын каалабасаңар, жыйналыштан чыгаруу чарасын өзгөрткүлө деп талап кылган. Бирок алардын мындай талаптары бир да адистин оюна же кайсы бир соттун чечимине негизделген эмес.

Өкмөт Жахабанын Күбөлөрүнүн каттоосу жокко чыкса деле, дин тутуу эркиндигине чек коюлбай турганын билдирген. Анткен менен Адам укуктары боюнча Европа соту уюмубуздун каттоосун жокко чыгаруу сыяктуу ушундай иштерди эске алып, өкмөттүн мындай иш-аракеттери Жахабанын Күбөлөрүнүн дин тутуу эркиндигин чектей турганын белгилеген a.

Скандинавиядагы филиалдын комитетинде кызмат кылган Йорген Педерсен мындай дейт: «Жахабанын Күбөлөрү Норвегияда 130 жылдан ашуун убакыттан бери тынч эле Кудайга кызмат кылып келатышат. Биздин негизги укуктарыбыз жана эркиндигибиз Норвегиянын баш мыйзамы тарабынан да, Адам укуктары боюнча Европа конвенциясы тарабынан да корголгон. Эгер Норвегиядагы соттор биздин пайдабызга чечим чыгарса, биздин эле эмес, Норвегиядагы бардык жарандардын укугу мындан ары да корголуп, эркиндигине коркунуч туулбайт».