Мазмунун көрсөтүү

18-МАЙ, 2020
ОРУСИЯ

АКШнын мыйзам чыгаруучу органдын мүчөлөрү Орусия өкмөтүн Деннис Кристенсенди бошотууга чакырган резолюцияны иштеп чыгышты

АКШнын мыйзам чыгаруучу органдын мүчөлөрү Орусия өкмөтүн Деннис Кристенсенди бошотууга чакырган резолюцияны иштеп чыгышты

АКШ өкмөтүнүн мыйзам чыгаруу бийлигинин бир бутагы болгон Өкүлдөр палатасынын эки мүчөсү, Палатанын 958-резолюциясын кабыл алууну сунуш кылышты. Анда Орусия Федерациясы Деннис Кристенсенди адилетсиз түрдө камакка алганы үчүн айыпталат. Юридикалык күчкө ээ болгон бул документ бийликтегилердин ишеними үчүн бир туугандарыбызды куугунтукка алган Орусия өкмөтүн катуу айыптаган акыркы пикирлердин бири болуп эсептелет.

Кристенсен Д. 2017-жылдын май айында Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыштарына катышып жүргөнү үчүн камакка алынып, түрмөгө кесилген. 2020-жылдын 8-майында Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү Элиот Энгел менен Майкл Мaккол тарабынан сунуш кылынган айтылуу резолюцияда, Орусия өкмөтүнө Деннис Кристенсенди токтоосуз түрдө бошотуу талабы коюлат.

Резолюцияда мындай делет: «Жахабанын Күбөсү, Даниянын жараны болгон Деннис Кристенсен 2019-жылдын 6-февралында 6 жылга кесилген. Соттун ал чечими АКШнын Эл аралык диний эркиндик боюнча комиссиясы тарабынан сынга алынган. Анткени Кристенсендин иши Орусия өкмөтүнүн дин тутуу эркиндиги кепил кылган укуктарды бузуп жатканын же буга кол шилтеп жатканын ырастаган бир эле мисал болуп саналат».

2020-жылдын 25-майында Кристенсенге белгиленген мөөнөттүн 3 жылы аяктайт. Деннисти кошуп эсептегенде, учурда Орусияда 32 бир тууганыбыз камакта отурат: 9уна сот тарабынан каршы чечим чыгарылган, 23ү убактылуу камоо жайында. Мындан сырткары, 18 ишенимдешибиз үй камагына алынган. 2017-жылдан бери Орусиянын бийлик өкүлдөрү 900дөй үйдү тинтип, 331 Жахабанын Күбөсүнө каршы кылмыш иши козголгон.

АКШ менен Европанын мамлекет башчылары Орусияны Жахабанын Күбөлөрүн туткан динине карап куугунтуктаганы үчүн катуу сынга алышууда.

Палатанын 958-резолюциясы кабыл алынар-алынбасын, жагдайдын өзгөрөр-өзгөрбөсүн убакыт көрсөтөт. Биз болсо Жахаба Кудайдын Орусиядагы ишенимдештерибизге кубанычын жоготпой чыдаганга жардам береринен эч шектенбейбиз. Асмандагы мээримдүү Атабыздын «мыйзамды колдонуп кыянаттык кылууну ойлогондордун» баарын жок кыла турган убакытты чыдамсыздык менен күтөбүз (Забур 94:20—23).