Мазмунун көрсөтүү

Венадагы Хофбург сарайы. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун (ЕККУ) дайымкы кеңеши жайгашкан жер

11-АВГУСТ, 2020
ОРУСИЯ

АКШ менен Европа өлкөлөрүнүн бийлик өкүлдөрү Жахабанын Күбөлөрүнүн артынан сая түшүп куугунтуктаган Орусия өкмөтүн катуу сынга алды

АКШ менен Европа өлкөлөрүнүн бийлик өкүлдөрү Жахабанын Күбөлөрүнүн артынан сая түшүп куугунтуктаган Орусия өкмөтүн катуу сынга алды

АКШ менен Европанын 30дай өлкөсү Орусия Федерациясын ишенимдештерибизди куугунтуктап, кыйнаганын токтотпой келатканы үчүн катуу сынга алды. Мындай эл аралык сынга Орусия, 2020-жылдын 23-июлунда, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун (ЕККУ) дайымкы кеңешинин a отурумунда кабылды.

Отурумга катышкандарга жолдонгон кайрылуусунда ЕККУнун АКШдагы миссиясынын саясий кеңешчиси Лайн Дарнелл Бал мындай деди: «Бул залда отурган АКШ жана башка көптөгөн өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн биринин артынан бири Орусияда Жахабанын Күбөлөрүнүн үйлөрү полиция кызматкерлери тарабынан тинтилгени, бейкүнөө адамдардын туш келди камалып, алты жылга чейин түрмөгө кесилип, кыйноого алынып жатканы тууралуу айткандарын уктук».

Жолугушууга чогулган бийлик өкүлдөрү Орусиянын Воронеж облусундагы Жахабанын Күбөлөрүнүн 100дөн ашуун үйү тинтилгени жөнүндөгү маалыматтардан улам кабатырланганын билдиришти. «Диний азчылык болуп эсептелген диний уюмдун мүчөлөрүнө көрсөтүлгөн мындай кысым төбө чачты тик тургузат»,— деди Бал айым.

Улуу Британиянын ЕККУдагы делегациясынын башчысынын орун басары Никола Мюррей да тынчсыздануусун мындай деп билдирди: «Тинтүүлөрдүн, алардын ичинде бир учурда көптөгөн үйлөр тинтилген учурлардын саны байма-бай өсүп баратканы, Жахабанын Күбөлөрү уюшулган түрдө куугунтукка алынып жатат деген ойдо калтырат. Анан кылмыш иштеринин козголушуна, адамдардын куугунтукка алынышына кадимки диний каадаларга кирген нерселер ”негиз“ катары колдонулуп келет».

Дарнелл Бал айым Воронеждеги бийлик өкүлдөрүнүн Жахабанын Күбөлөрүн «жашыруун иштерди жүргүзүп жатышат» деген айып менен камакка алышканы таптакыр туура эмес экенин белгилеп өттү. Андай иштердин катарына маалымат топтоо, иш кагаздарын электрондук түрдө сактоо, топторду уюштуруу жана жыйналыштарды видеобайланыш аркылуу өткөрүү киргизилген. Бал айым Орусия бийлик өкүлдөрүнүн жогоруда саналып өткөн иштерди ушинтип сыпаттаганын «акылга сыйгыс, уят эле нерсе» деген. Ал сөзүн: «Мындай ”жашыруун иштерди“ мен күн сайын кылып келем»,— деп улаган. Анан ЕККУнун ошол отурумуна аралыктан катышып жаткан Орусия делегациясынын мүчөлөрүн да «ушундай иштерди жүргүзүп жатканы үчүн күнөөлүү деп айыптаса болот турбайбы»,— деп баса белгилеген.

Европа Биримдигине (ЕБ) мүчө болгон 27 өлкө жана ага мүчө болбогон сегиз өлкө менен бирге кабыл алынган биргелешкен билдирүүдө мындай деп айтылат: «Орусия делегациясынын дайымкы кеңештин алдында Жахабанын Күбөлөрү өзүнүн диний ишмердүүлүгүн эркин эле уланта беришет, Орусия Федерациясында дин тутуу эркиндиги кепил кылынган деген сөздөрүн эчен ирет угуп келгенбиз. Анткен менен Жахабанын Күбөлөрүнүн үйлөрү дагы деле тинтилип, өздөрү камакка алынып, кылмыш иштери козголуп жатканы тууралуу билдирүүлөрдүн аягы үзүлбөй келет. Бул Орусия делегациясынын сөзү менен иши бири-бирине дал келбегенин айкындап турат».

ЕБнун делегациясы мындай деп баса белгиледи: «Бардык адамдар, алардын ичинде Жахабанын Күбөлөрү, Орусия Федерациясынын Конституциясы [жана] Орусиянын эл аралык мыйзамга жана ЕККУнун алдындагы милдеттенмелерине ылайык, дискриминацияга алынбай, тынчтыкта эркин чогулуу, дин тутуу, сөз жана ой эркиндиги сыяктуу негизги адам укуктарын колдоно алгыдай болушу талап».

Мюррей айым Улуу Британиянын делегациясынын кайрылуусун Орусия өкмөтүн Жахабанын Күбөлөрүн куугунтуктаганын токтотууга чакырганы менен жыйынтыктады.

Лайн Дарнелл Бал болсо Орусияны: 1) Жахабанын Күбөлөрүнө каршы козголгон бардык кылмыш иштери боюнча өндүрүштү кыскартканга; 2) Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн башкы башкармалыгына таандык мүлктү тартып алуу иштерин токтотконго жана 3) камакта отурган Жахабанын Күбөлөрүнүн баарын токтоосуз түрдө бошотконго чакырды.

Орусия Федерациясы ишенимдештерибизге жасаган мамилеси үчүн эл аралык коомчулук тарабынан биринчи жолу сынга алынып жаткан жок. Ошентсе да Орусия өкмөтүнө эл аралык коомчулукка өлкөдөгү бир туугандарыбыздын ырайымсыз түрдө куугунтукталып жатканы маалым экени дагы бир ирет эскертилди. Баарынан маанилүүсү, Жахаба Кудайыбыз ал жактагы ишенимдештерибиздин башынан энелерди өткөрүп жатышканын эң сонун билет (Забур 37:18). Асмандагы мээримдүү Атабыздын аларга берилгендик, эр жүрөктүк, чыдамкайлык көрсөтүп келатканы үчүн сыйлык береринен эч шектенбесек болот (Забур 37:5, 28, 34).

a ЕККУнун милдеттерине башка нерселер менен катар адам укуктарын коргоо да кирет. Дайымкы кеңеш ЕККУнун чечим чыгаруу органы болуп эсептелет.