Мазмунун көрсөтүү

Солдон оңго: Александр Любин жубайы менен жана Анатолий Исаков жубайы менен

1-сентябрь, 2021
ОРУСИЯ

АУЕСтин чечиминен кийин олуттуу оорусу бар 2 ишенимдешибиз камактан бошотулду

АУЕСтин чечиминен кийин олуттуу оорусу бар 2 ишенимдешибиз камактан бошотулду

2021-жылдын 28-августунда Адам укуктары боюнча Европа соту (АУЭС) Орусия өкмөтүн Александр Любин менен Анатолий Исаковду тергөө камак жайынан бошотууга милдеттендирди. Ал эки ишенимдешибиздин тең олуттуу оорулары болсо да, Курган облусунун бийлик өкүлдөрү аларды бир жарым айга камап коюшкан. Аларга каршы козголгон кылмыш ишинин негизинде алар кайра эле камакка алынышы мүмкүн.

2021-жылдын 13, 14-июлунда Курган облусунун полиция кызматкерлери бир нече Жахабанын Күбөсүнүн үйлөрүн тинтишкен. Кармап кеткендердин арасында 56 жаштагы Антолий менен 65 жаштагы Александр да бар болчу.

Александр бир тууганыбыз кан тамырларынын жакшы иштебегенинен, кан басымынын бийик болгонунан кыйналат жана ички органдарын жабыркаткан аутоиммундук оору менен алпурушуп келет. Ал дарыланууга, күнүгө 16 саат нымдуу кычкылтек берүүчү аппарат менен дем алууга муктаж экенин айтса да, анын өтүнүчүн орундатпай коюшкан. Андан тышкары, ал бирөөнүн жардамысыз ордунан тура албайт жана араң басат. Александрдын жубайы Татьянанын да ден соолугу начар. Ал бир нече жолу инсульт болгон.

Ал эми Анатолий бир тууганыбыз кан рагы менен ооруйт. Оорусунан улам арка сөөктөрү, кабыргалары сынып кеткен. Ошол себептен майыптар коляскасында отурат. Камалганынын айынан химиотерапия курсун да токтотконго туура келген. Ал ооруну басаңдаткан дарыларды алышы керектигин айтса да, анын суранычын орундатпай коюшкан. Анысы аз келгенсип, тергөө камак жайында ал коронавирус илдетин жугузуп алган.

Жактоочулар бир нече жума бою ал эки ишенимдешибизди бошотууну талап кылып, доо арыз менен кайрылышкан. Бирок эч кандай майнап чыккан эмес. Себеби соттор Курган облусунун ооруканасындагы доктурлар тарабынан берилген маалымдамаларды көрсөтүп, чечимин ошонун негизинде чыгарганын айтышкан. Ал маалымдамаларда Александр менен Анатолийдин тергөө камак жайына камоого тоскоол болгон оорулары жок экени жазылган.

Солдон оңго: Анатолий менен Александр тергөө камак жайынан чыгып баратышат

2021-жылдын 8-августунда жактоочулар АУЕСке доо арыз менен кайрылышкан. Ошондон кийин АУЕС Орусия Федерациясынын Башкы прокуратурасына суроо жөнөткөн. 2021-жылы 24-августта Александр менен Анатолийди Курган облусунун ооруканасына жөнөтүшкөн. Бул жолкусунда доктурлар ал эки ишенимдешибиздин олуттуу ооруусу бар экенин тастыктап, аларды тергөө камак жайында камоого болбой турганын айтышкан.

Куугунтуктун, оорунун азабын тартып жаткан ал ишенимдештерибиз үчүн мындан ары да тиленип турабыз. Биз Жахабанын аларды колдош үчүн «өзүнүн күчүн» колдоноруна бекем ишенебиз (2 Жылнаама 16:9).