Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 1-МАРТ
ОРУСИЯ

АУЕС Орусиядагы кыйноого алынган бир туугандын дат арызына дароо жооп кайтарып, анын пайдасына чечим чыгарды

АУЕС Орусиядагы кыйноого алынган бир туугандын дат арызына дароо жооп кайтарып, анын пайдасына чечим чыгарды

2019-жылдын 25-февралында Сибирдин батыш жагынан орун алган Сургут шаарындагы бийликтегилер тарабынан кыйноого алынган 7 бир туугандын бири, Сергей Логинов, Адам укуктары боюнча Европа сотуна (АУЕС) дат арыз менен кайрылып, ишин дароо карап беришин өтүнгөн. Кыйноого алынган 6 бир тууган бошотулган, бирок Сергей Логинов дагы деле тергөө камак жайында отурат жана ага зарыл медициналык жардам көрсөтүлө элек.

26-февралда, дат арыз толтурулгандан бир эле күн өткөндөн кийин, АУЕС бир тууганыбыздын пайдасына чечим чыгарган. Сот Орусияга Сергей Логиновдун денесине канчалык зыян келтирилгенин, психикалык саламаттыгы канчалык жабыркаганын, ошондой эле андан ары да аны тергөө камак жайында кармоого ден соолугу жол берер-бербесин аныктоо үчүн «тезинен» көз карандысыз доктурлардын текшерүүсүнөн өткөрүүнү буйруган. Орусия өкмөтү бул буйрукту 2019-жылдын 11-мартына чейин аткарууга тийиш.

АУЕС ушу сыяктуу өтүнүчтөрдү өзгөчө жагдайларда, адамга коркунуч туулганда жана дароо чара көрүлбөсө, калыбына келгис зыянга учурашы мүмкүн болгондо, орундатат. Ошондуктан АУЕСтин ушундай буйрук бергени жана арызды эртеси эле карап бергени бизди абдан жубатат. АУЕС жабыр тарткан бир туугандарыбыздын ишине кылдат байкоо салып турарын билдирген.

Учурда Сургуттагы 19 Жахабанын Күбөсүнө карата кылмыш иши козголгон жана алардын үчөө тергөө камак жайында отурат.

Биз Жахаба Кудайыбыздан бир туугандарыбызга кам көрүшүн сурап тиленип турабыз. Ошондой эле Жеремия пайгамбар жазган: «Жахабага таянган, Жахабага үмүт арткан адам бата алат»,— деген күч-кайрат берерлик сөздөрдү эсибизде бек сактайбыз (Жр 17:7).