Мазмунун көрсөтүү

7-МАРТ, 2022
ОРУСИЯ

Адам укуктары боюнча Европа соту Орусиянын Жахабанын Күбөлөрүнүн негизги укуктарын бузуп, эркиндигин чектеп жатканын билдирди

Адам укуктары боюнча Европа соту Орусиянын Жахабанын Күбөлөрүнүн негизги укуктарын бузуп, эркиндигин чектеп жатканын билдирди

2022-жылдын 22-февралында Адам укуктары боюнча Европа соту (АУЕС) 15 Жахабанын Күбөсүнүн пайдасына 2 чечим чыгарды. Ал сот иштери 2010—2012-жылдар аралыгында жүргүзүлгөн тинтүү иштерине тиешелүү. Тинтүү маалында укук коргоо органдарынын кызматкерлери ишенимдештерибизге кордук көрсөтүшкөн. АУЭС Орусия өкмөтү ишенимдештерибиздин дин тутуу эркиндигине кол салганын билдирди. Ошондой эле Орусия өкмөтүн ишенимдештерибизге 99 000 евро (112 323 АКШ доллары) төлөп берүүгө милдеттендирди. АУЭС тарабынан чыгарылган ал чечимдер кайра каралбайт.

Ал эки чечим Орусияга каршы түзүлгөн 6 сот ишине тиешелүү болгон a. Алардын баары мыйзамсыз жүргүзүлгөнү аныкталган. Алсак, Орусия бийлиги мыйзамсыз түрдө үйлөрдү, Кудайга сыйыныш үчүн чогулган жайларды жана Падышалык залдарын тинтиген, андан тышкары, полиция кызматкерлери кабар айтканы үчүн кармап алган эки ишенимдешибизди (аялдар) чечинтип, жеке буюмдарын алып алышкан. Айрым учурларда ФККнын куралчан кызматкерлери бир туугандарыбыздын үйүнө бет кап кийип алып кирип барышкан жана зарылдыгы жок болсо да күч колдонушкан.

Кээ бир учурларда Жахабанын Күбөлөрүнөн турган жактоочулардын тобу эл аралык адам укуктарын коргоо боюнча жактоочу Андрэ Карбонно менен кеңешет. Ал АУЭС чыгарган чечимдердин канчалык маанилүү экени тууралуу мындай деп ой бөлүшкөн: «АУЭС чыгарган ушул чечимдери абдан маанилүү деп ойлойм. Алардын аркасында адилетсиз түрдө жана мыйзамсыздык менен үйлөрү тинтилип жаткан, анын ичинде Орусия өкмөтү 2017-жылы Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салгандан бери кылмыш иши козголуп, куугунтукталып келаткан 1 700 Жахабанын Күбөсүнө чоң пайдасы тиет деп үмүттөнөм. Анткени ушул чечимден кийин кимдир бирөө Жахабанын Күбөсү болгону үчүн анын үйү тинтилсе, анда бул мыйзамга каршы келген иш катары каралып, Европа конвенциясын бузгандыкка жатат». Андан ары ал: «Көңүлгө аларлык дагы бир нерсе, сот Орусиянын бийлигин Жахабанын Күбөлөрүнүн үймө-үй кабар айтууга тыюу салганын да айыптаган. Мындан АУЕСтин кабар айтуу ишине бийлик өкүлдөрү кийлигишпеши керек болгон диний кызмат катары карарын көрүүгө болот»,— деп кошумчалаган.

Бул эки чечимде жалпы жонунан Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнө көрсөтүлүп жаткан кысым айыпталбаса да, алардын келечекте уюмубузга тыюу салганына байланыштуу чечимдер каралганда чоң пайдасы тиери бышык. Учурда АУЕСте Орусиядагы дагы башка 60тан ашуун ишенимдешибиздин иши кезегин күтүп турат. Биз соттун аларды да, буга чейинки чечимдердей эле, биздин пайдабызга чечип берет деп үмүттөнөбүз.

Адам укуктарын коргогон бийлик өкүлдөрү Орусиядагы ишенимдештерибиздин бардык жагынан кынтыксыз экенин айкын көрүп жатканына абдан сүйүнүп жатабыз. Бул чечимдер — Жахабанын анын ысмын коргоп, эгедерлигин жакташ үчүн жумшаган күч-аракетибизге батасын берип жатканынын далили (Забур 26:11).

a Ал алты иш төмөнкүлөр: «Чавычалова Орусияга каршы», «Чепруновдор жана башкалар Орусияга каршы», «Новаковская Орусияга каршы», «Огородников жана башкалар Орусияга каршы», «Пекшуев жана башкалар Орусияга каршы» жана «Жаринова Орусияга каршы».