Мазмунун көрсөтүү

30-ИЮНЬ, 2020
ОРУСИЯ

Айыптоочу Деннис Кристенсендин мөөнөтүнөн эрте бошотулушуна каршы доо арыз жазды

Айыптоочу Деннис Кристенсендин мөөнөтүнөн эрте бошотулушуна каршы доо арыз жазды

Курск облусунун прокуратурасынын айыптоочусу Шатунов А. А. Деннис Кристенсендин мөөнөтүнөн эрте бошотулушуна байланыштуу соттун чечимине каршы доо арыз жазды. Деннис бир тууганыбыздын жактоочулары айыптоочунун доосун четке кагышын өтүнүп сотко кайрылмакчы. Бирок сот ишти караганча, бир нече жума өтөрү шексиз. Учурда Деннис бир тууганыбыз 10 күнгө жалгыз кишилик камерага камалды. Жагдайдын ушинтип өзгөрүп кеткенине карабай, ал ишенимдешибиз көңүлүн чөгөргөн жок. Деннис бир тууганыбыз үчүн тиленип жатканыңарга чоң ыраазычылык билдиребиз.