Мазмунун көрсөтүү

Александр Бондарчук жубайы Елена менен (солдо), Сергей Явушкин жубайы Татьяна менен (оңдо)

2-АПРЕЛЬ, 2021
ОРУСИЯ

Александр Бондарчук менен Сергей Явушкин үй камагында көпкө отургандан кийин соттун чечимин күтүүдө

Александр Бондарчук менен Сергей Явушкин үй камагында көпкө отургандан кийин соттун чечимин күтүүдө

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Орусиянын соту эки ишенимдешибиздин доо арызын четке какты

2022-жылдын 16-февралында Кемерово облусунун соту Александр Бондарчук менен Сергей Явушкиндин доо арызын четке какты. Азырынча алар түрмөгө камалбайт.

2021-жылдын 22-июнунда Кемерово облусунун Заводск райондук соту Александр Бондарчук менен Сергей Явушкинди айыптуу деп тапты. Алар төрт жылга шарттуу соттолду. Ал ишенимдештерибиз азырынча түрмөгө камалбайт.

Жеке маалымат

Александр Бондарчук

  • Туулган жылы: 1974 (Топки шаары, Кемерово облусу)

  • Кыскача таржымалы: Александр атасы көз жумганда 19 эле жашта болчу. Трактор айдоочунун техникумун бүтүргөн. Кийинчерээк жыгач устачылыкты үйрөнгөн. Учурда кокс мештерин оңдоп иштейт. Балык кармаганды, лыжа, велосипед тепкенди жана чуркаганды жакшы көрөт

  • Жубайы Елена менен 1992-жылы баш кошуп, эки эркек балалуу болушкан. Үй-бүлөсүнөн аялы Елена биринчи изилдей баштаган. Алардын никесин Ыйык Китептеги принциптерге карманганы сактап калган.

Сергей Явушкин

  • Туулган жылы: 1960 (Рубцовск, Алтай крайы)

  • Кыскача таржымалы: Электрик жана ширетүүчү болуп көп жыл иштеген. Учурда темир уста. Жаш кезинде гитара ойногонду жана спорттун ар кандай түрлөрүн жакшы көрчү

  • Татьянага 1990-жылы үйлөнгөн. Баш кошкондон көп өтпөй эле Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей башташкан. Аларга Ыйык Китеп эски болсо да андагы кеңештерди колдонуу көп жагынан пайдалуу экенин билгени күчтүү таасир эткен. Алардын бир бала, бир кызы бар

Иштин чоо-жайы

2019-жылдын 22-июлу күнү таңкы саат 6да бийлик өкүлдөрү Александр Бондарчук менен Сергей Явушкиндин үйлөрүн экинчи жолу тинтишкен. Анан аларды камакка алып, аялдарын суракка алышкан. Ошондой эле алардын электрондук каражаттарын тартып алышкан.

Александр менен Сергей камакка алынган жерде эки күн отурушкан. Анан Кемерово шаарынын борбордук сотунун чечимине ылайык, алар 2 айга үй камагына алынышкан. Бирок бул мөөнөт алты жолу узартылган.

Аларга үйүнөн 300 метрден алыс чыкканга тыюу салынган. Ошондуктан алар жумушуна бара албай калышкан. Александр менен Сергейди жумушундагылар жана кошуна-колоңдору жакшы атка ээ болгон киши катары билишчү. Ошондуктан жумуш берүүчүлөрү аларга коюлган чектин алынышын сурап тергөөчүгө кайрылышкан. Бирок алардын суранычы четке кагылган.

Александр менен анын үй-бүлөсү Жахабанын аларга жардамга келгенине бир нече жолу күбө болушкан. Александр иштей албай калгандыктан жана алардын банк эсеби тоңдурулгандыктан тыйын-тыпыр жагынан кыйналышкан. Бирок Александр мындай деген: «Ушул кыйынчылыктын аркасында мен Жахабага көбүрөөк таянганды үйрөндүм жана ага мурункудан да бекем ишенип калдым. Балким, мурун Жахабанын кантип жардам бергенин байкабай калган учурларым болсо керек. Бирок азыр анын жардам берип жатканын күн сайын, саат сайын көрүп атам. Ал мени жана үй-бүлөмдү эч качан таштабайт жана жакшы көрө берет».

Сергейге каршы козголгон кылмыш иши көп жагымсыз нерселерди пайда кылып, аны стресске кабылткан. Ошонун айынан ал инсульт болгон. Бирок Сергей көңүлүн чөгөрүп, мүңкүрөп калган жок. Ал: «Кыска өмүрүбүздөгү убактылуу кыйынчылыктарды, аларга чыдоо оор болсо да, анча деле этибарга албай эле коюш керек»,— деген.

Сергейге 1 Корунттуктар 15:58деги: «Теңирдин алдында эмгегиңер текке кетпейт»,— деген сөздөр күч берет. Сергей мындай деп кошумчалаган: «Жахаба баарын, анын ичинде, жакшы иштерибизди да эсинде сактайт».

Биз куугунтукту бир нече жылдан бери чыдамдуулук менен көтөрүп келаткан Орусиядагы боордошторубуз үчүн тиленгенибизди токтотпойбуз. Аларга Ыйык Китептеги: «Жахаба Өзүнөн корккондорду, анын мээримдүүлүгүн күткөндөрдү көрүп кубанат»,— деген сөздөр мындан ары да күч берип, соорото берсин (Забур 147:11).