Мазмунун көрсөтүү

10-ФЕВРАЛЬ, 2021
ОРУСИЯ

Александр Ившинди эң узак мөөнөткө, жети жарым жылга, түрмөгө кесишти

Александр Ившинди эң узак мөөнөткө, жети жарым жылга, түрмөгө кесишти

2021-жылы, 10-февралда Орусиянын Краснодар крайындагы Абинск райондук соту 63 жаштагы Александр Ившинди жети жарым жылга эркинен ажыратты. Орусияда Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине 2017-жылы тыюу салынгандан бери мындай узак мөөнөткө эч ким кесиле элек болчу.

Ага каршы кылмыш иши 2020-жылдын 23-апрелинде козголгон. Аны видеоконференция аркылуу диний кызматтарга катышып, Падышалык ырларын ырдаганы үчүн «кылмышкер» катары айыпташууда. Сот алдындагы акыркы сөзүндө ал бир тууганыбыз ишенген нерселерин Ыйык Китептин негизинде түшүндүрүп, мындай деген: «Урматтуу сот, мен бүт өмүрүмдү Ыйык Китепте жазылган принциптерге ылайык өткөргөнгө умтулуп келем. Ыйык Китеп экстремизмге да, зордук-зомбулукка да эч убакта үндөбөйт».