Мазмунун көрсөтүү

Түрмөдөн бошотулган Александр бир тууганыбыз. Бурчундагы сүрөт: Александр бир тууганыбызды жылуу тосуп алыш үчүн анын үйүнө чогулган ишенимдештерибиз

28-ФЕВРАЛЬ, 2023
ОРУСИЯ

Александр Щербина түрмөдөн бошотулду

Александр Щербина түрмөдөн бошотулду

2023-жылдын 22-февралында Александр Щербина Орусиядагы Ростов-на-Дону шаарынын түзөтүү абагынан бошотулду. Ал тергөө камак жайында 79 күн, ал эми түзөтүү абагында 609 күн отурду. Толугу менен камакта 2 жылдай болду.

Сот иши бүтөрүнө бир аз убакыт калганда Александр Мордохайдын үлгүсү ага бекем бойдон калганга кандайча жардам бергени тууралуу мындай деп айткан: «Мордохай анын көзүн тазалагысы келген Амандан корккон эмес. Анткени ал үчүн баарынан да Жахабага берилгендик сактоо маанилүү болгон. Анын үлгүсү жөнүндө ой жүгүрткөнүм мага кайраттуу болгонго жардам берди».

Александр биз үчүн сонун үлгү. Ал жакында досторуна, үй-бүлөсүнө кайтып барат. Ал үчүн абдан кубанып жатабыз. Ошондой эле анын мындан ары да «ишеним жолунда бекем туруп» Жахабанын батасына ээ боло береринен шектенбейбиз (1 Корунттуктар 16:13).